Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:29

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР ӨЗ АРБАЙЫН СОГУШАБЫ?


Чет жерде тиричилик өткөрүп жүргөн кыргыз атуулдарынын укуктарын коргоо, бул жаатта өлкөлөр ортосунда аткарыла турган иштерди аныктоо максатында жакында тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин кызматкерлери Орусиянын бир катар облустарында болуп кайтышты. Тышкы иштер министрлигинин миграция депаратментинин жетекчисинин орунбасары Болот Сарыгулов Орусиядагы иш сапарынын максаты тууралуу “Азаттык” радиосуна маек куруп берди.

- Болот мырза, Орусиядагы мекендештерибиздин абалы менен таанышып келипсиз. Алардын жагдайы тууралуу айтсаңыз?

- Жакында Орусиянын төрт облусунда болуп кайттык. Пенза, Самара, Саратов, Оренбург облустарында болдук. Биз ал жердеги улутташтарыбыздын абалы менен таанышып, Орусия мамлекеттик думасында кабылданчу келишимди аткаруунун механизмин тактап кайттык. Жалпысынан алганда, иштин жыйынтыгы дурус болду. Орусия атуулдарынын кыргызстандыктарга жасаган мамилесин, ал жердеги этникалык карым-катышты көрүп, жылуу ойдо калдык. Бизде экономиканын реалдуу сектору жакшы өнүкпөгөндүгүнөн айласыз чет жерде иштөөгө мажбур болушкан жарандарды алсак, алардын жагдай-шарты, албетте, жеңил эмес. Анткен менен бул процесс ушу тапта экономикалык, укуктук, социалдык-психологиялык жагынан аягына чыгып баратат. Облустардагы базар, курулуш, ферма, өндүрүш ишканаларында болуп, биздин жарандар менен жолугушкан кезде биз алардан жергиликтүү калктын кыргыздарды кодулаганы, кордогону, басым көрсөткөнү тууралуу бир да арыз укканыбыз жок. Биздин атуулдар иштемчил, мыйзам эрежелерин бекем сактаганы, тынч жүргөндүгү менен айырмаланышат. Бизге облустардан өзгөчө белгилеп айткан дагы бир жакшы кабар - биздин атуулдардын баңгизат ташыбаганы тууралуу пикирлер болду. Муну бизге аркыл жолугушууларда өзгөчө белгилеп айтышты.

- Болот мырза, Орусия эмгек мигранттарына 4500 орунга гана квота бергендиги тууралуу маалымат таркалды. Билесиз, биздин Орусияда жашап-иштеп жүргөн мекендештерибиздин так саны жок. Ырасмий бийлик болсо кыйла аз санды атайт. Мына ушул квотаны тактай кетсеңиз.

- Квотанын алдагыдай параметри өтө деле катуу эмес. Биз квота тууралуу суроолорду бердик. Бизде өкмөттөр аралык келишим бар. Ал боюнча биздин атуулдарга квота шарты жайылбайт. Экинчи жагынан сырттан келгендерди каттап, эсепке алыш үчүн айрым облустарда квоталык чекти бекем кармашат. Кол күчүнө муктаж жерлерде квота эч кандай тоскоолдуксуз биздин атуулдардын пайдасына чечилээрин да айтышты. Сан жагына келсек, тилекке каршы, биз азыр чет жерде жүргөндөрдү так аныктоонун жолун таба элекпиз. Аркыл булактардан, салыштырмалуу эсептердин натыйжасында болжол менен ушу тапта Орусияда 300 миңден 700 миңге чейин ишке жарамдуу атуулдарыбыз жүрөт деп айтсак болот. Бул өзү такай өзгөрүп турчу көмүскө процесс. Маселен, Казакстанда биздин соңку маалыматыбыз боюнча, болжол менен 250 – 300 миңдей адам иштеп жүрөт. Мамлекеттик кызматкер эмес, бул проблеманы кыйладан бери иликтеп келаткан окумуштуу катары айтып коеюн, келечекте деле Орусия менен Казакстанга иш издеп кетчүлөр арбын болот. Себеп дегенде, ал экөөндө реалдуу сектордун өнүгүшү мыкты, динамикасы менен масштабы кең. Демографиялык жагынан алганда Орусияда калктын көбөйүшү кыйла жайлап баратканын эсепке алсак, өндүрүштүн тез өсүшү бул жерлерде кошумча эмгек күчүн сөзсүз талап кыла бермекчи. Бул процесс Кыргызстанда реалдуу сектор ыкчам өнүккөнгө чейин токтолбойт деп айтууга негиз бар.

- Болот мырза, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары биригип өз алдынча бейөкмөт коомдорду түзүүдө. Сиздердин кызмат алар менен мындан ары кандай иштерди жасайт, ошондой пландар барбы?

- Азыркы жагдайды жакшы жолго салып, аны ыраатка келтирүүдө, башта ачыкка чыга албай келген процесске мына ушул бейформал жамааттардын таасири чынында да мыкты болууда. Бул Орусияда өзгөчө жакшы жолго коюлган. Ишти уюштурууга жамааттар чоң көмөк көрсөтөөрүнө жергиликтүү бийликтер да ишеним артып атышат. Бөлүндү эмгек мигранттарын башкаруу алар үчүн, жардам-көмөк көрсөтүү үчүн бизге деле кыйын. Бул жагынан алганда улуттук-маданий борборлордун, жамааттардын, диаспоралардын түзүлүшү иштин пайдасын көздөгөн аракеттин жемиши. Биз Самара, Тольятти, Пенза, Оренбургда болгонубузда улутташтарыбыздын жамаат жетекчилери менен кездештик. Жетиштүү материалдык, административдик ресурсу жок, өз алдынча демилге менен түзүлгөн жамааттар ушу тапта чогулуп, биргелешип иштөө аракетине өтүштү. Биз барган жерибиздин баарында аларды жергиликтүү бийлик, эмгек мигранттары менен түздөн-түз иштегендер менен кездештирип, колдон келген көмөгүбүздү көрсөттүк. Бири-бири менен тааныш-билиш болуп калгандан кийин кыйла иштерди жасоого болот. Жаңы келишим ишке киргенге чейин аларга жардам берүү жагын айттык.
XS
SM
MD
LG