Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ ТУУРАЛУУ ТАЛАШТАР УЛАНУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам парламентте кабыл алынгандан бери анын тегерегиндеги ызы-чуу токтобой жатат. Белгисиз бирөөлөр орус тилдүү атуулдарды 22-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына « Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына каршы уюштурулуп жаткан пикетке чыгууга чакырып, баракча таратышты. Ал эми орус тилиндеги айрым массалык маалымат каражаттары «мыйзам күчүнө кирсе, кыргыз тилин билбеген билимдүү орус тилдүү атуулдардын Кыргызстандан көчүп кетиши тездеп, Кыргызстандын өнүгүүсүн дагы он жылдай артка жылдырат» деп жазышты

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы айрым орус тилдүү атуулдардын жана кыргыз тилин башкача жол менен өнүктүрүүнү колдогон айрым кыргыз тилдүү саясатчылардын нааразылыгын жаратты. Парламенттеги орус тилдүү айрым депутаттар ”Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынган күндүн эртеси маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар жаңы кабыл алынган мыйзам Конституциянын 5-16-17-беренелерине каршы келээрин айтышып, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын 10-беренесин ”атуулдардын укугун басынткан берене” деп мүнөздөштү. Мамлекеттик тил мыйзамынынын 10-беренесинде «Мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызмат милдетин аткарууга зарыл деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү» деп жазылган. Мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү адамдардын тизмеси өкмөт тарабынан аныктала турган болду.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курмановдун пикиринде, жогорку бийлик өкүлдөрү аталган беренени өзүнө жакпаган атуулдарды бийликтен четтетүү үчүн курал катары колдонушу ыктымал. Ал эми депутат Оксана Малеваная мыйзам орус тилдүүлөргө каршы эмес, өз эне тилинде сүйлөй албаган «киргиздерди» бийликтен кетирүү максатында жасалууда деген оюн ортого салды:

- Бул бир саясий элитаны башка саясий элита менен алмаштыруу үчүн жасалган аракет. Чынына келгенде, бул мыйзам, Алымбай Султанов айткандай, «киргиздерге» каршы багытталды. .

Ошондой эле Оксана Малеваная эгерде мамлекет башчы мыйзамга кол койсо, Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын кошумчалады. Орус тилдүү саясачылардын маалымат жыйынынан кийинки күнү белгисиз бирөөлөр орус тилдүү калктын өкүлдөрүн 22-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынышына каршы наарызылык акциясына чыгууга чакырып, баракча таратышты. Мына ушундан улам, коочулукта чындыгында эле мыйзамдын кабыл алынышы, орус тилдүү атуулдардын Кыргызстандан кетишин тездетип, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болобу, орус тилдүү калктын нааразылык акциясы эмнеге алып келиши ыктымал, бул процесстер Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге кандай таасирин тийгизет деген өңдүү суроолор жаралууда. Айрым байкоочулардын пикиринде, орус тилдүү гезиттердин кыргыз тил мыйзамына байланыштуу жазгандары негизсиз. Анткени, орус тилдүү калктын башка өлкөдөн жумуш табууга жөндөмдүү өкүлдөрү тил эмес, социалдык-экономикалык себептерден улам буга чейин эле Кыргызстандан көчүп кетишкен. Ал эми «Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын» авторлорунун бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асановдун пикиринде, айрым орус тилдүү гезиттердин “кыргыз тилин билбеген атуулдардын кетиши менен Кыргызстандын орто, жогорку окуу жайларында чала сабат мугалимдер калат» деп жазышы кыргыз улутун басмырлантуу менен барабар:

- Биз мындай пикирлерди «жалпы кыргыздарды маскаралагандык» деп түшүнөбүз. Ошондуктан, бул маселени парламентте көтөрүп, антип айтып жаткандарды сотко берүүнү караштырабыз.

Шаршемби күнү «Асаба» кайра жаралуу партиясы жана «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылына кирген партиялар чукул жыйын өткөрүшүп, эгерде, орус тилдүү калктын өкүлдөрү кыргыз тилинин кабыл алынышына каршы пикет уюштурушса, кыргыз тилин колдоо максатында жалпы республика боюнча нааразылык акциясын уюштура тургандыгын жарыялашты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун пикиринде, чындыгында эле өз эне тили үчүн саясатка кызыкпаган ар бир айылдык кыргыз көчөгө чыгышы ыктымал:

- Албетте жанагындай жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Буга эч убакта жол бербешибиз керек. Экинчиден, ушундай абал түзүлөөрүн бир ай мурда эсептеп, чыгара албаган саясатчылар да – саясатчыбы?!

Ошентип, айрым байкоочулардын пикиринде, учурда мамлекет башчы Аскар Акаев “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын айынан оңтойсуз абалга кабылды. Анткени, мамлекет башчы парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга кол койбой койсо, президенттик шайлоо алдында оппозия өкүлдөрү аны «өз эне тилин өнүктүрүүгө каршы чыкты» деп айыпташы да бышык. Эгерде, аталган мыйзамга кол койсо, айрым массалык маалымат каражаттары жазгандай, Орусиянын президенти Владимир Путиндин каарына калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG