Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

СУУ ЧАТАГЫ КОҢШУЛАРДЫ СУУК СЕЛКИ КЫЛАБЫ?


Өзбекстан президенти Ислам Каримов Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевге кат жазып, анда Сырдарыя жээгинде түзүлгөн кырдаалга Кыргызстанды күнөөлүү деп эсептегенге аракет жасаганы айтылууда. Азырынча чындыгында эле өзбек президенти ушундай катты жазганы же жазбаганы такталып жатат. И. Каримовдун мындай маанидеги катын бир катар маалымат агенттиктери ушул аптада жарыялады. Буга карата кыргыз тараптын пикири кандай?

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун билдирүүсүнө караганда, кыргыз тарап азыр Ислам Каримовдун ошондой катты чындыгында эле жазган же жазбагандыгын иликтөөдө:

- Биз азыр иштеп жатабыз. Азырынча андай документ чындыгында эле бар экендигин айта албайбыз. Анткени, андай кат жөнүндө алгачкы маалыматты индиялык бир журналист жазып, андан кийин бардык маалымат каражаттарына тарап кетпедиби.

Ислам Каримов өз катында «Кыргызстан мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Токтогул суу сактагычын ирригациялык эмес, энергетикалык режимде иштетип жатат. Мындай жагдай көптөн бери Өзбекстандын тынчын алып келатат. Андан сырткары Кыргызстан Казакстан аркылуу Орусияга электр энергиясын сатуу боюнча келишим түзгөн. Мындай багыттагы иш-чаралардын жана алардан келип чыгуучу жагдай Сырдарыя алабындагы мамлекеттердин талкуусунда каралышы керек», деп жазган.

Ислам Каримовдун каты ырасмий түрдө ырасталбаган күндө да Өзбекстандын аймактагы суу-энергетикалык кырдаалга карата пикири баштатан белгилүү. Аны Өзбекстандын вице премьер-министри Уткир Султановдун 11-февралда Бишкекте өткөн жыйындагы сөзү тастыктап турат:

- Эгерде Кыргызстандын электр системасы менен Орусиянын «Интер РАО ЕЭС» жабык түрдөгү акционердик коомунун 1,5 миллиард килловатт электр энергиясы боюнча келишими ишке кирсе, биздин бул жерде отурушубуздун кажети жок. Ал келишимдин аймактагы мамлекеттерге кандай таасир этээри белгилүү. Бизге ага даярданууга убакыт керек эле. Негизи, Токтогул суу сактагычын пайдалануунун режиминин бузулушу ушундай кырдаалга алып келүүдө.

Кыргызстан кышында электр энергиясын өндүрүү үчүн сууну көбүрөөк агызып жатканы белгилүү. Ал эми Кыргызстан өз электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстан албай койгондон кийин Орусияга сата баштаган.

Кыргыз өкмөтүнүн мындай кадамын көп саясатчылар колдоп жатышат. Алардын бири - Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев. Өзбекстан президентинин катында Кыргызстанга каршы биргелешип чара көрүүгө Казакстанды чакыргандай түшүнүк бар. “Эгерде кырдаал ушул өңүттө өнүксө жаатташуу пайда болушу ыктымал”, дейт Муратбек Иманалиев:

- Эми Казакстан менен Өзбекстан биригип Кыргызстанга каршы чара көрсө, анда суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстан биригет. Башатында Тажикстан турган Амударыя суусу Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу өтөт. Булар да чатак жолуна өтүп кетет. Азыр деле алар бир аз чатакташууда.

Муратбек Иманалиевдин пикири боюнча, аймактагы суу-энергетикалык кырдаалды жөнгө салыш үчүн СССР мезгилинде калыптанган системаны 2-3 жылга кайра калыбына келтирип, мына ошол убакыттын ичинде бардык тарапты канааттандырган чечимди табууга аракеттенүү керек. Ансыз аймактагы баардык мамлекеттер жабыр тарта берет.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомуновдун пикиринде, аймактагы суу-энергетикалык кырдаалдын татаалдашына Өзбекстандын күнөөсү да жок эмес:

- Жалпы кырдаалды карап көргөндө, өзбектер казактарга да, кыргыздарга да жакшы болсун деген жери жок. Алар маселенин оң жагына чечилишине аракет жасаган жок.

“Ал эми кыргыз бийлиги коңшу мамлекеттердин өтүнүчүн аткарууга бараарда, биринчи кезекте кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоого милдеттүү. Мына ошондо биздин мамлекетке сый мамиле пайда болот”, - дейт Алишер Абдымомунов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG