Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Март айында жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштамакчы


БИШКЕК. Март айынан тарта Кыргызстандын атуулдарына жаңы үлгүдөгү паспорт бериле баштайт. Бирок, жаңы паспорттордун нускасы чектелүү болгондуктан ал аз-аздап берилет. Буга байланыштуу паспорттун ордуна өлкөнүн ичинде пайдалануучу өздүк күбөлүктөр да чыгарылат. Азыр жаңы үлгүдөгү паспортторду жана өздүк күбөлүктөрдү чыгаруу боюнча тендер өткөрүлүүдө. Ал эми республиканын тышкы иштер министрлиги өздүк күбөлүктөрдүн КМШнын аймагында таанылышы үчүн чет өлкөлөрдүн тышкы иштер мекемелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Бул жөнүндө бүгүн ички иштер министрлигинин алдындагы паспорттук-визалык иштер боюнча башкармалыгынан маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG