Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө президент көңүл айтты


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Андан тышкары Бишкек-Ош жолун көчкүдөн тазалоо жана куткаруу иштерин жүргүзүүгө бардык күчтү жумшоону экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана транспорт жана байланыш министрлигине тапшырды. Өлкөнүн биринчи-вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиев баштаган жетекчилер бүгүн Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү болгон жерлердеги жагдай менен таанышты. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүнүн астында азыр 17 унаа бар, бирок, алардын ичинде жүргүнчүлөр жок экендиги аныкталды. Кар көчкү жүргөн жерлерди Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 45 куткаруучусу, ар кандай кызматтардын жүздөн ашык адиси 7 техниканын жардамы менен тазалап жатышат. Тоодогу карды атып түшүрүү үчүн коргоо министрлигинин Оштогу аскер бөлүгүнөн эки замбирек жөнөтүлдү. Ушундан улам алты күнгө чейин Бишкек-Ош жолу ачылбайт. 17-февралда, Бишкек-Ош жолунун 220- жана 224-чакырымдарында болгон кар көчкүдөн 4 адам каза тапкан. Анын бири Кочкората шаарынын, экинчиси Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталды.

XS
SM
MD
LG