МОСКВА. Москванын аквапаркындагы кырсыкта курман болгон 26 кишинин 14үнүн тажыясы өттү. Кыйрап калган аквапарктын урандысынан бүгүн 13 жаштагы баланын сөөгү чыгарылды. Бийликтер урандыларда мындан башка киши калбаганын айтышат. Имараттын урандылары бүгүн кечинде толук жыйналып бүтмөкчү.