Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Ирандагы темир жол кырсыгынан 180ден ашык киши курман болду


ТЕГЕРАН. Ирандын Хороссан провинциясында химиялык заттарды ташып бараткан поезд жарылып кетип, натыйжада 180ден ашык киши курман болду, 350 дөй киши жаракат алды. Ирандын "Ирна" расмий кабар агенттигинин айтымында, күкүрт кислотасы, мунай жана башка химиялык заттар толтурулган цистерналарды тартып бараткан поезд станциядан чыга бериште жолдон чыгып кетип, кулап кеткен. Андан чыккан өрттү өчүрүүгө аракет жасалып жаткан кезде цистерналар жарылып кетип, андан айланада чогулган көптөгөн кишилер мерт болду. Жарылуунун эпкини менен жакын жердеги бир нече үй кыйрап калды.

XS
SM
MD
LG