Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

ГОЛЛАНДИЯ КАЧКЫНДАРДЫ ДЕПОРТАЦИЯЛАЙТ


Эшматов Улан Голландиянын парламенти ушул аптада кабыл алган мыйзамга ылайык, өлкөдөн 26 миңдей адам депортацияланышы керек. Мындай тагдырга башпаанек алуу максатында келип, бирок голланд бийликтери тарабынан өтүнүчү орундатылбагандар кириптер болмокчу. Социалдык маселелерге келгенде Европадагы эң либералдуу өлкө деп эсептелген Голландиянын азыркы кадамын айрымдар иммигранттарга каршы өтө ырайымсыз чара катары баалашууда.

Көп талаш-тартыштарды жараткан мыйзамды голланд өкмөтүнүн демилгеси менен парламенттин төмөнкү палатасы кабыл алды. Мыйзам күчкө ээ болуш үчүн эми аны парламенттин жогорку палатасы да жактырышы керек. Документ Голландияга башпаанек алуу максаты менен 2001-жылдын 1-апрелине чейин келген иммигранттарга карата жайылтылат. Ал кезде Югославиядан, Ирактан, Ооганстандан, Иран менен Чеченстандaн келген качкындар көп болгон эле. Мыйзамга ылайык депортациялануучу 26 миңдей адамдын басымдуу бөлүгүн учурунда алардын башпаанек алуу жөнүндөгү арыздары канааттандырылбаганына карабай, Голландияда бир нече жылдап жашагандар, атүгүл бул жерден үй-бүлө күтүп алгандар түзөт.

Документтин талаптары жалпысынан үч жылдын аралыгында ишке ашырылышы керек. Тигил же бул иммигрантка өлкөдөн өз эрки менен чыгып кетүүсү үчүн адегенде сегиз апта убакыт берилет. Эгер ал бул мөөнөттүн ичинде кете албай калса, кийинки сегиз аптаны иммигранттардын өлкөдөн чыгып кетишине жардам берүү үчүн түзүлгөн атайын борбордо өткөрөт. Ушундан соң ал күч менен депортацияланмакчы.

Жаңы мыйзам Голландиядагы иммигранттарды дүрбөлөңгө түшүргөнү талашсыз. Ага нааразылык билдирип, ирандык качкындардын бири көзүн жана оозун тигип алганга чейин барган. Качкындардын укугун коргогон уюмдар болсо голланд бийликтеринин азыркы кадамын ырайымсыз чара катары баалашууда. Качкындарга жардам көргөзүү боюнча "Прайм" деп аталган уюмдун өкүлү Ахмед Пори мындай дейт:

- Менимче, Голландиянын саясаты адилетсиз жана ырайымсыз. Адамдар мындай саясаттын курмандыгы болууда жана ага кандайдыр бир түзөтүүлөр киргизилген жок. Голландиянын өкмөтү адамдар мекенине кайткандан кийин түрмөгө түшкөнүн, атүгүл өлтүрүлгөнүн билип туруп эле ушундай саясатты карманып жатат.

Өкмөттүн ырастоосунда, башпаанек берилбеген качкындардын арыздары кылдат иликтенгенден кийин гана кайтарылган. Ал эми чын эле башпаанекке муктаж делген 2300дөй адамга Голландияда калуу мүмкүнчүлүгү берилди. Өлкөнүн Иммиргация боюнча министри Рита Вердонк парламентте мыйзам кабыл алынып жаткан кезде сүйлөгөн учурунда өтө кыйын абалга кириптер болгон качкындардын иши дагы бир сыйра каралаарын убада кылды. Мындай учурларда качкындарга мунапыс берүүгө министрдин укугу бар.

Голландия социалдык маселелерге келгенде Европанын эң либералдуу өлкөсү катары эсептелчи. Эми иммигранттарга каршы катаал чаралардын көрүлө башташын эмне менен түшүндүрүүгө болот. Роттердам университетинин саясий аналитиги Ринас ван Схенделен:

- Бул жерде иммиграцияга каршы маанай жок. Мен, тескерисинче, иммигранттардын саны жогору экенин эске алганда, биз аларды дагы деле жыл сайын кабыл алып жатабыз деп айтаар элем. Бирок өлкө алардын санын жакшылап көзөмөлгө алгыдай кылып чектөөнү каалайт.

Анткен менен байкоочулардын баамында, өкмөттүн азыркы аракеттеринин учугу 2002-жылдагы окуяларда жатаары шексиз. Анда парламенттик шайлоо алдында Пим Фортайн деген антииммиграциялык манайдагы таанымал саясатчы киши колдуу болгон эле. Кийинчерээк анын партиясы калктын колдоосуна арзып, парламенттеги экинчи ири партияга айланган.

Дегеле мыйзамдуу жана мыйзамсыз иммиграция азыр Батыш Европада кызуу талкууланып жаткан маселелерден. Алтурсун Швеция, Норвегия сыктуу өлкөлөр Европа Биримдигине быйыл май айында кошулуучу он өлкөдөн жумушчу күчүнүн агылуусун алдын алуу үчүн убактысынча чектөөлөрдү да киргизишкен.
XS
SM
MD
LG