Жарылуучу зат жүктөлгөн машинелер менен кечээ күнү эки жан кечти Багдад шаарынан түштүк тарапта жайгашкан польшалык аскерий базага чабуул жасап, аны жардыргандан алар өздөрү жана дагы 11 адам курман болду. Өлгөндөр - базага кошуна жашаган ирактыктар, дагы 58 солдат менен 44 карапайым адам жараат алды.