Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

ДИНГЕ ЖЕ СЕКУЛЯРДЫК ТҮЗҮЛҮШКӨ МАЖБУРЛОО КЕРЕКПИ?


Эми “дин жана коомдук турмуш” аттуу апталык берүүнүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар. Деги, динди мыйзам аркылуу бекемдөө же секулярдык түзүлүштү мыйзамдын күчү менен коргоо алгылыктуубу? Мусулман өлкөлөрүндө эле эмес, Батыш коомунда да бул суроого карата бир беткей жооп табуу кыйын.

Чыгыш өлкөлөрүнүн ичинен Түркия, Кыргызстан сыяктуу басымдуу калкы мусулмандардан турган, бирок мамлекеттик түзүлүшү – секулярдык болгон, башкача айтканда, мамлекеттик бийликтен диний жамааттын башкаруусу ажыратылган өлкөлөр четтен табылат. Бирок алардын ар бири өзгөчөлүккө ээ.

Маселен, Кыргызстанда жоолук салынгандарга каршы күрөшүү сыяктуу аракеттерди “жосунсуз жорук” деп карашаары күтүлгөн иш. Кыргыз кыз-келиндери каалаган учурунда жоолук салынат. Тээ 1960-70-жылдары узун чачты кыскартуу же узун көйнөктүн ордуна шым кийүү сыяктуу көрүнүштөр таң калууну же жекирүүнү туудурса, эми өлкөдөгүлөр чачты же көйнөктүн этегин жер чийгендей узун кылсаң гана таң калышы мүмкүн. Түркияда болсо жоолук салынып келип, парламент имаратына кирген депутат айымга каршы айрым секулярдык күчтөр чоң чуу көтөргөн окуя жакынкы эле кезде болду.

Диний саясат майданы кийим менен эле чектелип калган жок. Борбордук Азияда “хизбу-т-тахрирчилер” тымызын жол менен өз таасирин күчөтүүгө умтулуп жаткан чакта, Орусияда расмий өкүлдөр ортодоксалдык христиан чиркөөсү – православиенин акырына “жем” таштап, православие тарыхын Орусия Федерациясындагы мектептерге милдеттүү сабак катары сунуш кылып чыгышты.

Өлкөнүн билим берүү министринин орун басары, алиги демилгенин автору Леонид Гребнев “Азаттык” үчүн курган маегинде башка динди туткан майда элдердин балдары да православиени үйрөнсө, анда алар өздөрүнө өздөрү таңуулагандай болгон “чакан геттодон” оолактаар эле деп санаарын айтты:

- Качан гана бардыгы тең, бири калбай, православие тууралуу анча-мынча нерсени үйрөнүүгө жетишсе, анда бардыгында тең «Биз геттого муктаж эмеспиз!» деген ишеним пайда болот эле.

Батыш Европага келсек, салты тереңге кеткен секулярдык өлкө делген Францияда бийликтер мусулман окуучу кыздардын мектептерге жоолукчан келишин башка диндегилерди өз динине тартуу үчүн тымызын үгүт жүргүзүү аракети деп баалашууда. Тээ бир кездеги советтик атеизмдин өнөктүгүнөн расмий Париждин өнөктүгүнүн айырмасы барбы? Француз бийликтеринин бул жаңы саясатын сынга алган лондондук “Гардиан” гезити “жоолук салынасыңбы, топу кийесиңби, бул – сенин ишиң. Башкалардын бул маселеде сени айыптоого акысы жок”, - деп жазып чыкты. Гезиттин пикирине караганда, мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн жоолугу франциялык секулярдык түзүлүштүн пайдубалын солкулдатып салат деп ойлоо кыйын.

Ал эми англис тилдүү эки ири өлкөнү – АКШ менен Британияны салыштырып көрсөк, дин жаатында алардын окшоштуктары да, айырмачылыктары да арбын. Алардын айрымдарын “Файненшл таймс” (FT) гезитинин серепчиси Майкл Скэйпинкер (Michael Skapinker) санап берет.

Бир чети, Британияда христиан дини, асыресе англикандык чиркөө, расмий бийликтин колдоосуна ээ. Ошол эле учурда, азыркы британдыктардын көпчүлүгүнүн дин менен иши жок. Британдык МОРИ (MORI) агенттиги тарабынан былтыр сентябрда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун маалыматына таянсак, британдыктардын 60 пайызы кудайдын бардыгына ишенет экен, бирок алардын ичинен 18 пайызы гана чиркөөгө же башка сыйынуу жайына барып, диний жөрөлгөлөргө катышат экен.

Ал эми Кошмо Штаттарга келсек, өкмөт өзүн секулярдык деп санайт. АКШ конституциясы кайсы бир динди расмий дин деп таанууга тыюу салат. Ошол эле кезде, америкалыктардын басымдуу бөлүгү динге такыба карайт. Гэллап (Gallup) сурамжылоо агенттигинин былтыр октябрда жүрүгүзгөн иликтөөсүнө караганда, америкалыктардын 79 пайызы кудай бар деп санайт, алардын 55 пайызы жылына бир нече жолу ар кыл диний сыйынууларга катышат.

Бирок дал ушул өлкөдө нечендеген карама-каршылыктарды учуратасыз. Маселен, Алабама штатынын сотунун төрагасы Рой Мор (Roy Moore) штаттын сот залынан “Инжилдин” “Он Осуятын” алып кетүү тууралуу буйрукту аткарбай койгону үчүн былтыр кызматынан кол жууган.

Ошол эле учурда, “Форд”, “Проктэр энд Гэмбл” сыяктуу айрым компаниялар ортоңку жетекчиликтен кызматкерлерине “Инжил” боюнча сабак өтүүнү талап кылган учурлар катталган. Ишкананы жана ишкердикти дин менен айкалыштырууга далаалаттангандардын ою мындай: “өлкөдө гомосексуалдар ачык-айрым эле жүрүп калышкан чакта, эмне үчүн чиркөөгө баруучулар өз диний ишенимин ачыкка чыгаруудан жазганышы керек?”

Майкл Скэйпинкердин оюнча, жоолукка тыйуу салуу өнөкөтү Атлантика мухитинен батышка карай жайылбай тургандай эле, өз динин ишканасындагы кызматкерлерге жана жумушчуларга таңуулаган мыкчегер ишкерлердин жоругу мухиттен чыгыш өйүзгө - Европа тарапка өтүп келе албайт. Дегиңкиси, ар өлкөнүн коому ар башка болгону үчүн эле кудайга шүгүр десек болот, дейт Скэйпинкер мырза.

Мусулман өлкөлөрүндө деле кырдаал бир беткей эмес. Маселен, кыргызстандык секулярдык түзүлүштүн айрым жактоочулары Сауд Арабстанда деле биздегидей секулярдык коом куруп алышса болмок деп кыялданышса, ал эми теги саудиялык ваххабийлер Борбор Азия элдери мыйзамы шариятка негизделген татынакай бир халифат кура алмак деп күрсүнүшөт.

Баарынан кызыгы, калкынын көпчүлүгү христиандардан турган Грузияда да ваххабийлер маселеси капысынан кабыргасынан коюлду. Шаршембиде, февралдын 18инде грузин президенти Михаил Саакашвили төмөнкүдөй эскертүү жасады:

- Грузияда ваххабий идеяларына үгүттөп жаткандарга эскертээрим – алар мындай аракети үчүн катаал чараларга кириптер болушат жана алар бизден өздөрүнө карата эч кандай жеңилдиктерди күтпөй эле койсун.

Саакашвилинин оюнча, ваххабийлер Түндүк Кавказ менен чектеш аймактарга, өзгөчө Панкиси өрөөнүнө өз тамырын жайылтууга умтулууда. Бирок Панкисидеги бир ууч качкын чечендер чындап эле Грузиянын эгемендигине шек туудурган исламдык топ болуп саналабы, же Саакашвили тек гана Кремлге жаккан сөздү айтып коюуну чечтиби, азырынча адистер менен укук коргоочулар расмий Тбилисинин соңку айыптоолорун анча түшүнө албагандыктарын жашырышкан жок.

Дегиңкиси, бүгүнкү дүйнөнүн чар тарабында кайнаган коомдук турмуштун тажрыйбасы “мыйзам жолу менен динди чектөө же бекемдөө туурабы?” деген суроого чекит коюуга эч мүмкүндүк бербей турганын баамдоо, менимче, кыйын эмес. Динди сабырдуулук саясаты менен айкалыштырганда гана коом өнүгө алат деген пикирди баса белгилеген даанышман инсандар мурда да болгон, азыр деле арбын. Коомдун башка өкүлдөрү аларды укпай койгон кезеңдер да аз эмес.
XS
SM
MD
LG