Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

БРАХИМИ: “ЭРТЕ ШАЙЛОО ЭЛДИ ЫДЫРАТАТ”


Баян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү маселеси боюнча билдирүү жасаганы жатат. Улуттар Уюмунун дипломаттарынын айтымында, катчы коопсуздук ахвалына жана бир катар уюштуруучулук иштердин жөнгө салынбаганына байланыштуу өлкөдө мөөнөттөн мурда шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес, ошон үчүн азыр күн тартибине бийликти оккупациялык күчтөрдөн өткөрүп алуу маселеси койулууга тийиш деп эсептейт.

Иракта белгиленген мөөнөттөн мурда шайлоо өткөрүү маселеси бейшембиде Улуттар Уюмунда өтө турган жыйында, андан соң, Коопсуздук кеңешинин бейрасмий чогулушунда талкууланмакчы. Уюмдун чабарманы Лахдар Брахими жыйынга чогулган дипломаттар менен шайлоо өткөрүү жаатындагы проблемалар жөнүндө ой бөлүшөт. Иракта бир жума жүрүп, жагдай менен жакындан таанышкан Брахими Иракта капыл-тапыл шайлоо өткөрүү өлкө биримдигине чоң доо кетириши мүмкүн экенин эскерткен.

- Тийешелүү даярдыктарды көрбөй туруп, шайлоо өткөрүү өлкө ичиндеги пикир келишпестиктерди мындан да курчутуп, жагдайды начарлатат, - деп эскерткен Брахими.

Улуттар Уюмунун дипломаттары, адегенде, өлкөдөгү бийликти Ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берип, андан кийин өлкөдө жалпы шайлоо өткөрүү туура чечим болот деген пикирде. Бул шайлоону тез арада өткөрүүнү талап кылып келаткан шии лидери аятолла Али ас-Систанинин жана өлкөдө баскычтуу принцип менен шайлоо өткөрүүнү сунуш кылып жаткан АКШнын пикирин эске алган мунасалуу чечим болмокчу. АКШ өлкөдө жалпы шайлоону өткөрүү 2005-жылы мүмкүн болот деген көз карашта.

Ошону менен бирге эле, Улуттар Уюму бийликти өткөрүп берүү жараяны 30-июндан кечеңдетилбеши керек деп эсептейт. Бул Ирактын гана эмес, ноябрда өтө турган президенттик шайлоого камылга көрүп жаткан президент Жорж Буштун кызыкчылыгына да туура келмекчи.

Расмий Вашингтон бийликти өткөрүп алууга кудуреттүү бийлик түзүмүн куруу үчүн Ирактын 24 мүчөдөн турган утурумдук өкмөтүн кеңейтүү керек, ал эми шайлонун акыйкат өтүүсүн камсыз кылуу үчүн АКШнын баскычтуу шайлоо системасынын принциптерин колдонуу талапка ылайык, деп эсептейт. АКШнын көз карашында, түз шайлоо өткөргөн учурда өлкө калкынын 60 процентин түзгөн шийилер өкмөттө үстөмдүк кылып кетиши ыктымал. Ал эми Америка сунуш кылган баскычтуу система өлкөдөгү түрдүү этностук жана диний топтордун кызыкчылыгын аздыр-көптүр тең салмактуу коргогонго мүмкүндүк берет. Ирактын утурумдук өкмөтүнүн көз карандысыз мүчөсү Махмуд Осман Ирактын башкаруучу кеңеши азыр ар түрдүү ыкмаларга сереп салып жатканын билдирет.

- Саясий чөйрөлөрдө жана калк ичинде жалпы түз шайлоо жана баскычтуу шайлоо жөнүндө сөз жүрүп жатат. Айрымдары утурумдук кеңешти кеңейтүү жөнүндө сөз кылышса, башка бирөөлөр "жырга" түспөлүндөгү кеңири улуттук конференцияда северендүү өкмөттү тандоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып жатышат.

Бирок Осман да, башка саясатчылар да бир чечимге келээрден мурда Улуттар Уюмунун сунуш-кеңештерин угуп, аларды эске алуу керектигин белгилешет.

- Биз Улуттар Уюмунун чечимин күтүп жатабыз, анткени уюмдун бул жерге келип кеткен өкүлчүлүгү ар бир саясий топтун жана жөнөкөй жарандардын пикирин угуп кеткен. Алар эки-үч күндүн ичинде сунуштарын айтышат, аларды эске алуубуз керек, - дейт Осман.

XS
SM
MD
LG