Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кытайдын коммунисттик партиясынын талабы


БЭЭЖИН. Бүгүн Кытайдын коммунисттик партиясы партия мүчөлөрүнө тыюу салынган аракеттердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык Кытай коммунисттери марксизм, ленинизм, маосизм жана день-сяопизмдин идеяларына каршы чыгалбагандан тышкары, коррупцияга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга, пара алууга, күчкө салып акча өндүрүүгө жана экономикалык кылмыштарга аралашпашы керек. Мындан тышкары, сойкулар менен мамиле түзүүгө, кумар оюндарын ойноого, баңгизаттарды пайдаланууга, диний секталарга кирүүгө тыюу салынган. Баардыгы болуп Кытай коммунисттерине 178 иш-аракеттерди жасоого болбойт.

XS
SM
MD
LG