Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Европа биримдиги жөөттөрдүн абалын талкуулады


БРЮССЕЛЬ. Бүгүн Европа биримдиги жөөттөрдүн абалына арналган жыйын курду. Анда жөөттөрдүн лидерлери Европада антисемитизмдин жандана баштагандыгына байланыштуу Европа биримдигине өз тынчсызданууларын билдиришти. Европадагы жөөттөр конгрессинин президенти Коби Бенатоффтун айтымында, Европа бийликтери антисемитизмге тийиштүү көңүл бурбай жатышат. Коби Бенатофф жандана баштаган антисемитизм көйгөйүнө ушул баштан көңүл бурулбаса анын каскагы катуу болушу ыктымал деди. Жөөттөрдүн лидерлери Евробиримдиктен жөөттөргө каршы жасалып жаткан иштерди көзөмөлдөп, токтотууга көмөктөшүүнү суранды. Ал эми Европа өкмөттөрүнөн болсо жөөттөргө каршы жасалган кылмыштар үчүн жазаны катуулатууну суранды.

XS
SM
MD
LG