Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИ ҮМҮТТҮ АКТАЙБЫ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Президенттин буйругуна ылайык жаңы салык кодекси апрель айында даяр болуш керек. Азыр жумушчу комиссия жана эксперттик топ түзүлүп, алар ишке кызуу киришти. Бирок жаңы салык кодексинин негизги маселелери кандай чечилери дагы эле айкын эмес.

Жаңы «Салык кодекси» мурдагы «Салык кодексин», бөлөк-бөлөк кабыл алынган салык мыйзамдарын, салык органдары чыгарган жоболорду камтыган бирдиктүү документ болоору белгилүү болуп калды. Анткени, бул маселе боюнча жумушчу комиссиясынын жана эксперттер тобунун мүчөлөрү арасында бирдиктүү пикир бар. Бирок «Салык кодексинин» негизги маселеси болуп эсептелген салык өлчөмдөрү боюнча пикир ар кыл болууда. Башында жаңы кодекс ишкерлердин салык жүгүн азайткан кодекс болот деп айтылган болчу. Айрым адистердин пикиринде бул анын негизги өзгөчөлүгү болуп калыш керек эле. Президент да өткөн жылдын аягында өзүнүн экономикалык стратегиясы менен тааныштырып жатканда ушундай ойго негиз берген сөз айткан болчу:

- Салык саясатынын концептуалдык жобосу Кыргызстандын сервистик борбор болууга аракетин эске алууга тийиш. Бул азыркы «Салык кодексинде» таптакыр жазылган эмес. Биз муну “Cалык кодексинин” жаңы редакциясын иштеп чыга турган жумушчу топтун алдына негизги милдет катары коебуз, – деген болчу Аскар Акаев.

«Салык азайтылышы керек» деген ойду Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык, бажы жана башка төлөмдөр комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров көптөн бери эле айтып келет. Ал азыр аталган жумушчу комиссиянын төрага орун басары болуп дайындалды. Депутат ал оюнан дагы эле кайтпай, айрым салыктарды азайтууга үндөп келет:

- Менин оюмча, өкмөт базар экономикасынын талаптарына туура келбеген жолго салык жана өзгөчө кырдаал боюнча салык өңдүү салыктарды алып салууга барышы же азайтышы зарыл, – деди Акылбек Жапаров жаңы «Салык кодекси» боюнча болуп өткөн “тегерек столдо”.

Бирок жумушчу комиссиянын жума күнкү отурумунда Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Башор Мухападия Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечүү тууралуу маселени карар алдында салыктарды азайтуу кадамына баруу максатка ылайык эмес экенин эскерткен. Ал «тышкы карызыңар көп болуп турганда салыкты азайтсаңар Париж клубунун мүчөлөрү силерди түшүнбөйт» деген. Өлкөнүн абалын түшүнгөн ишкерлер да азыр салык жеңилдеринен үмүт этпей калышты:

- Биздин эларалык милдеттенмелерибизге байланыштуу салык өлчөмдөрүн азайтуу абдан татаал жана кыйын. Ошондуктан биз азыр салык өлчөмдөрүн төмөндөткүлө деген маселени койбойбуз, – дейт Ишкерлер ассоциациялар конгрессинин аткаруу комитетинин директору Эрик Таранчиев.

Ишкерлер «салыкты азайпасаңар дагы салык кызматкерлеринин өзүмбилемдигинен бизди коргогудай жоболорду киргизип берсеңер болду эле» дешет:

- Далилдөө жүгү салык инспекторуна артылып, ал бир нерседен шектенсе же бизди бир нерсе үчүн айыптаса, алар өздөрү далилдеши зарыл. Ишкерлер такай эле актанып жүрбөгүдөй болуш керек, – дейт Эрик Таранчиев. Аны Салык боюнча кеңешчилер палатасынын төрайымы Ирина Кэмпл да колдойт. Анын айтымында, эски салык кодексинде анын жоболоруна түшүндүрмөнү Каржы министрлиги берет деп жазылып калган:

-Иш жүзүндө эмне болуп жатат? Соттор «каржы министрлигинин түшүндүрмөсүн алып келсеңер биз маселени силердин пайдаңарга чечебиз» дешет. Сот салык боюнча талаш маселе жөнүндө болуп, анын бир тарабы - салык төлөөчү, экинчи тарабы - Каржы министрлигинин алдындагы кирешелер комитети. Каржы министрлиги ишкерлердин пайдасына түшүндүрмө бермек беле?

Ошентип, март айы «Салык кодекси» боюнча талкуу менен өтөт өңдөнүп калды.
XS
SM
MD
LG