Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

ДЕПУТАТТАРДЫН БУТАСЫ – ӨКМӨТ


Бейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөт башчы Николай Танаев депутаттардын суроолоруна жооп берүүнү улантты. Суроо-жооп аяктагандан кийин депутаттар сөз сүйлөп, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга өз бааларын беришти.

Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү Мыйзам чыгаруу жыйынынын өткөн жылдагы токтомунун аткарылышы боюнча маалымат берүүгө шейшемби күнү чакырылган. Талкуунун алгачкы күнү премьер-министр Николай Танаев өлкөдөгү социалдык –экономикалык кырдаал жана депутаттардын талаптарынын аткарылышы боюнча маалымат берген. Бейшемби күнү депутаттар ар бир өкмөт мүчөсүнө суроо берүүнү улантышты. Маселен, депутат Тажиниса Абдрасулова: «Быйылкы жылы канча тамеки өстүрүүгө болот?» деген суроону койду. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк: «20 миң тонна тамеки түшүмү кепилденген түрдө сатылып алынарын» билдирди.

Депутат Оксана Малеванная «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын айланасында түзүлгөн кырдаал, «ага байланыштуу 22-февралга белгиленген нааразылык митингисине карата өкмөт кандай чара көрөт?» деген суроону койду.

- Биз 22-февралда, андан кийин 26-28-февралда көчөгө чыгуу тууралуу чакырыктар таратылып жатканын билебиз. Кырдаалды көзөмөлдөп турабыз. Биз чуу салбай, кырдаалды козутпай эле иштеп жатабыз. Кыйкырып чыга турган эч нерсе жок, - деди Николай Танаев өз жообунда.-

Андан кийин депутат Николай Байло премьерден «Манас» аба майданындагы антитеррордук коалиция аскерлеринин чыгарылыш мөөнөтүн тактап берүүнү өтүндү. Ага тышкы иштер министринин биринчи орун басары Жээнбек Кулубаев жооп берди:

- Азыркы кезге чейин Ооганстанда антитеррордук операция аяктады деген Бириккен улуттар уюмунун ырасмий маалыматы жок. Макулдашуунун шарты боюнча, кайсы тарап келишимди токтоткусу келсе, ал экинчи тарапка алты ай мурун маалымат бериш керек. Ооганстанда антитеррордук согуш аяктай электиктен, бул маселе карала элек. Учурда «Ганси» базасында АКШ, Франция аскерлери жана Түштүк Кореялык дарыгерлер гана бар.

Ал эми депутат Темирбек Сариев суу-энергетика боюнча Чымкентте жана Бишкекте үч өлкө вице премьер-министрлери кол койгон протоколго каршы чыгып, кыргыз тараптан кол койгон вице премьер-министр Базарбай Мамбетовду кескин сынга алды.

Мына ушундай багыттагы көптөгөн суроолордон кийин депутаттар сөз сүйлөөгө өтүштү. Адегенде сөз алган депутат Алымбай Султановдун айтымында, өткөн жылы заказ менен тогуз киши, быйылкы жылдын башында эле 3 киши атылып, өлкөдө кылмыштуулук, коррупция күч алып жатат.

«Талас облусун «Робин» фирмасына талатып жатасыңар» деген Алымбай Султанов элди алдап жаткандарды жазалоого негиз болсо да, ал жасалбай жатканын мындайча билдирди:

- Сотко чалып, шектүүлөрдү депортациялоо боюнча эмне чечим кабыл албайсыңар десем, “байкеси, өйдө жактан «басып» жатат” дейт. Ай, бул өйдө жагыңар качан кулайт? Жанды кейитип бүттүңөр го.

Андан кийин сөз сүйлөгөн депутат Апсамат Масалиев менчиктештирилип, бирок иштебей жаткан ишканалардын тагдырын иликтөөнү, ал эми депутат Марат Султанов депутаттардын сунуштарын эске алып, туура тыянак чыгарууну сунуштады. Бул күнү депутаттар талкууланган маселе боюнча токтом кабыл алууга үлгүрүшкөн жок. Бул маселеге кайра жума күнү кайрылышмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG