Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Кумтөр кени боюнча жаңы долбоор күмөн туудурууда


БИШКЕК. Өлкөдө түз инвестиция тартуу саясатынын башкы орунга коюлушу, дүйнөдөгү экономиканы глобализациялоо саясаты, алтынга баанын көтөрүлүшү «Кумтөралтын» ишканасынын кайра түзүлгөн «Центерра голд инк» компаниясына киришин шарттаган негизги себептерден болду. Бул тууралуу бүгүн баалуу кагаздар рыногунун мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Уран Абдынасыров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эларалык фондулук базарында Кыргызстандын баалуу кагаздары олуттуу пайда алып келиши күтүлүүдө. Реструктуризациялоонун натыйжасында ишканадан салык алынып салынып, натыйжада бюджетке 30 миллион доллар өлчөмүндө киреше түшүшү ыктымал.
Буга чейин «Кумтөралтын» долбоору боюнча мурдагы жеңилдиктердин натыйжасында өткөн жети жыл ичинде республиканын бюджети 120 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражат жоготкон. «Кумтөралтын» канадалык «Центерра Гол Инк» компаниясынын тутумуна 2003-жылы 31-декабрдагы макулдашууга ылайык кирди. Бирок, өкмөттүн бул кадамын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамсыз деп саноодо.

XS
SM
MD
LG