Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Жолду штаб көзөмөлдөйт


БИШКЕК. Премьер-министрдин буйругу менен өлкөнүн транспорт жана байланыш министрлигинин алдында Бишкек-Ош жолунда түзүлгөн күтүүсүз кырдаалды турукташтыруу боюнча штаб түзүлдү. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча учурда кар көчкү түшкөн аймакты тазалоо иштери уланууда. Кыргыз гидрометеорологиялык кызматынын адистери Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү болоору ыктымал жерлерди иликтеп жатышат.

Ал арада Токтогул шаарчасындагы ооруканада жаткан 7 адамдын үчөө бүгүн сакайып, үйлөрүнө жиберилди. Ал эми калган 4 адамдын саламаттыгы түзүк. Бул жөнүндө бүгүн аталган оорукананын башкы дарыгери Эркин Кожобердиев «Азаттыкка» маалымдады. 17-февралда Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, андан 4 адам набыт болуп, 12 адам жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG