Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:42

КУМТӨР КИМГЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ: КАЛККАБЫ ЖЕ КАНАДАЛЫКТАРГАБЫ?


Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыровдун айтымында, Кыргызстандын баалуу кагаздарын эларалык фондулук рыноктордо чыгарып, өлкөгө түз инвестиция тартууга шарт түзүлдү жана «Кумтөрдү» реструктуризациялоо аркылуу бул багытта алгачкы кадам жасалды. Бирок, айрым талдоочулар мындай пикирди шылтоо катары баалашууда.

Mурда белгилүү болгондой, «Кыргызалтын» акционердик коому менен «Камеко корпорейшн» компаниясынын "Кумтөр" добоору боюнча акциялары жаңы түзүлгөн «Центерра Голд Инк.» компаниясынын карамагына өткөн. Кыргыз өкмөтү менен канадалык тарап мындай макулдашууга өткөн жылдын этегинде келишкен. Өкмөттүн ишендиргенине караганда, кыргызстандык көзгө басар долбоордун реструктуризацияланышынын натыйжасында кыргыз тарап жаңы түзүлгөн канадалык компаниянын акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат.

Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыровдун «Кумтөр» маселесине байланыштуу пресс-конференция уюштурду. Анын айтымында, Кыргызстандын мындай кадамга барышына өлкөнүн чет өлкөлүк инвестицияларды түз тартууга артыкчылык берген экономикалык саясаты, дүйнөдө алтындын баасынын көтөрүлүшү өңдүү себептер негиз болду. "Центерра" компаниясына «Кыргызалтындын» акциясын берүү менен өкмөт эларалык каржы базарына чыкты, «бул чоң жетишкендик» дейт Абдынасыров:

- Биз бул тууралу көп жолу айтканыбыз менен буга чейин такыр чыга элек болчубуз. Маселен, коңшу Казакстан, Орусия өлкөлөрүндө мындай ыкма кеңири колдонулат.

Жаңы түзүлгөн компаниянын уставдык капиталы 350 миллион долларды түзөт жана келерки жылы анын көлөмү үч эсеге чейин өсүшү ыктымал. Ошондуктан, өкмөт чыгым тартканга караганда пайда көрөөрүнө көбүрөөк ишенип турат:

- Эгер баалуу кагаздардын котировкасы төмөндөп кетсе, анда албетте, биздин өкмөт чыгымга учурайт,-дейт Абдынасыров,- Бирок азыр жагдайга караганда Торонто биржасында акциянын баасы жогорулап баратат. Ошондуктан, экономикалык талдооулор акциялардын баасынын көбөйөрүн белгилеп жатышат.

Кыргыз тарап ошондой эле өкмөттүн «Кумтөралтын» аркылуу эларалык деңгээлге жол ачышын келечекте башка компаниялардын өкмөттөн көз карандысыз эле өз алдынча чыгышын да шартташынан үмүт кылат:

-Менимче, бул башка компаниялардын четке чыгышына ыңгай түзөт. Тоо-кен компанияларын эле алалычы. Бизде «Кыргызалтын» бар, бизде өздөштүрүлбөй жаткан кендер бар, өкмөт он жылдан бери аны кантип өнүктүрүүнүн аргасын таппай жатат, өз атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы инвесторлорду тартуу аракетин кылып жүрөт. Бирок, кен байлыктары ошол эле калыбында калууда.

Кыргыз өкмөтү бул кадам Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу таасир берерине коомчулукту ынандыруу аракетин кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок, айрым көз карандысыз байкоочулар, саясатчылар өкмөттүн бул чечимин колдошкон жери жок. Алар «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо аркылуу өкмөт Кыргызстанды негизги байлыгынан ажыратып койгонун айтышууда. Парламент жакында «өкмөт мыйзам бузууга барды» деп, макулдашууну териштирүү демилгесин көтөрүп чыкты. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикирине караганда, ишкананын Канада компаниясынын курамына киришинде жеке адамдардын кызыкчылыктары болушу ыктымал:

- Ким жасап атат? Өкмөтпү же өкмөттүн айрым мүчөлөрү жасап атабы? Белгисиз. Бирок, бул жерде чоң оюн болуп атат.
XS
SM
MD
LG