Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Гаитидеги баш аламандык уланууда


Гаитинин президенти Жан-Бертран Аристид кечээ күнү бийликтен кетпей турганын дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, козголоңчуларга багынып, аларга бийликти өткөрүп бергенден көрө, ал мекенин коргоп курман болгону жакшы. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Аристиддин кызматтан чегинишине Вашингтон каршы эмес. Февралдын башында өлкөдө элдик козголоң башталгандан бери куралдуу кагылышууларда 50 адам набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG