Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Өзөктүк курал өндүрүүгө аракеттенет деп АКШ Иранды дагы бир жолу айыптады


АКШ жетекчилиги кечээ күнү Иранды өзөктүк курал өндүрүүгө кызыкдар деп дагы бир жолу күнөөлөдү. Ак Үйдүн басма сөз качысы Скотт Маклелландын айтымында, Иранга өзөктүк кубат деги эле кереги жок: "Мунай менен газга бай өлкөгө өзөктүк кубаттын таптакыр кереги жок, ошондуктан ал өзөктүк кубат өндүрбөгөнүн далилдеш үчүн уранды байытуу технологияларынан баш тартууга тийиш". Тегерандын айтымында, анын өзөктүк изилдөөлөрү аскерий эмес, бирок Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик жакында Иранда аскерий сапатка чейин уранды байыткан технологияны тапкан.

XS
SM
MD
LG