Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

КЫРГЫЗДАРДЫН СӨӨК КОЮ САЛТЫНДАГЫ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР


Кыргыздар мусулман динине кирген түрк калкы деп саналат. Анткен менен алардын сөөк кою салтында боордош элдерден айырмаланган өзгөчөлүктөр арбын.

Кыргыздар мусулман динин кабыл алып, анын жол-жобосу жана талаптарына ылайык жашап келаткандыгы анык. Айрым жазма булак маалыматтарына таянсак 9-к. соңу, 10-к. баш ченинде энесайлык кыргыздардын бир жарымы Чыгыш Түркстанга жер которушуп, ислам динин кабыл алышкан. Анткен менен ислам окуусу көчмөн турмуш шартында кенен кулач жая албай, эркин эс акылын бийлей алган эмес. Мусулманчылыктын бир белгиси элдин сөөк кою салты менен байланыштуу. Ислам талаптарына ылайык адам дүйнөдөн кайтканда денеси муздай электе жерге жашырылып, өлүк чыккан үйдө мал союлмак түгүл, тамак бышырылбаш керек. Мурда Энесайда жашаган кыргыздар маркумдун сөөгүн өрттөшүп, күлүн жерге жашырышкан. 11-к. ааламы Тахир ал Марвазинин айтымында, кыргыздар Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга коңшу жашагандан тарта сөөктү өрттөшпөй, мусулмандарча койо башташкан. Бирок кыргыздар ислам жол-жоболорун толук кабыл алышпай, көчмөн жашоого мүнөздүү болгон шаан-шөкөттүү турмушун улантышып, маркумду жерге койгондо жаназа түшүргөнү эле болбосо, сөөктү үч күнгө кармап, 4-5 кара сойгон. Ошол сыяктуу нерселер ислам динине караманча туура келбеген көрүнүш. Балким ушундан улам 16-к. аалымы Мухаммед Хайдар жана 17-к. жашаган Махмуд ибн Вали кыргыздарды кайырдиндер деп белгилешсе керек.

Арийне, кыргыздар жакын коңшулары, ал түгүл тили, маданияты тектеш түрк тилдүү калктардан айырмаланып сөөктү 2-3 күн өткөндөн кийин жерге коюп, 4-5 кара сою адатын кайдан алышкан, мындай көрүнүштүн жаралышына эмнелер себеп болгон деген суроо жаралбай койбойт. Анда эмесе кыргыз салтын иликтеп жүргөн Ахмат Карыбаев аксакалдын кебин тыңдап көрсөк:

- Элде мындай адат бар, кимде ким өлсө, ага топурак салбаса, ага келип көз көрсөтпөсө бул чоң күнөө катары эсептелет. Ошондуктан алыска кеткен кишини 2,3,4 күн күтөт, ошолор топурак салып калсын, көксөсү суусун деген ниетте кармалат 2-3 күнгө. Ал эми 2-3 күнгө чейин кармалганга келген эл ачка калмак беле, колунан келген 1-2 малын сойот.

Кыязы, кыргыздардын сөөккө мындай мамиле жасашы ириде алардын тарыхына байланыштуу. Кытай жазма булактарына караганда энесайлык кыргыздар маркумдун сөөгүн өрттөшүп, күлүн бир жыл өткөндөн кийин жерге жашырышкан. Башкача айтканда, алар сөөктү бир жыл бою аздектеп кармашкан. Ислам динин кабыл алышкан кыргыздар сөөктү мусулмандарча жерге беришип, бирок мурдагы салты боюнча маркум менен коштошуу өнөкөтүн калтырышкан эмес.
XS
SM
MD
LG