Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

ЭРДИГИ ЧОҢ ЭР СЫРГАК


"Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздүн бул жолку жаңы санынан алп Манастын 40 чоросунун бири - айтылуу баатыр Сыргактын сүрөттөмөсү менен тааныша аласыздар.

"Атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак, чыканактап калбаган, чырм этип уйку албаган, капылеттен сөз тапкан, кысталыштан жол тапкан", арыбаган, талбаган өтө элпек өзгөчө шамдагай, беттешкен жоодон кайра тартпаган эр Сыргак эрдиги жагынан Алманбет менен Чубактан кем калышпаган шерден. Сыргактын өз аты Бердибек. Улуу жомокчу Сагынбайдын айтуусунда, Сыргак Манастын жакын тууганы, ал эми Саякбайда болсо Жакыптын бир тууганы Улакандын уулу делип айтылат.

Алманбет баатыр Бээжинге чалгынга аттанаардын алдында кырк чоронун ичинен Сыргакты:
Бир өзүн миңге баалаймын,
Сырттан заада Сыргакты
Жолдоштукка каалаймын.
Болсун Сыргак жолдошум
Чоң Бээженге жол болсун,
Иришип душман көптөсө
Ишенээрим - кудайым
Иштетээрим - бир Сыргак" -
деп жактырып тандап алат. Сыргактын беттешкен жоодон кайра тартпаган кыраандыгы Кытайдын чегарасын кайтарган куу кул жанын куу түлкүнүн көздөрүнө чөп салып, Малгунду, Канышайды жайлаганда, айрыкча Сыргактын эрдиги чоң казаттагы салгылашта көрүнгөн. Сыргак Коңурбайдын да сазайын берген. Буга анын: "Ушул Сыргак баладан, ээрдимен өрт, жүрөгүмө дарт кетти, боконо сөөгүм болк этти. Таш сайынган кытайдын, тазасы ыйлап солк этти" - деп, зар ката айтканы күбөлөйт. Ал эми залкар жомокчу Саякбай Каралаев Эр Сыргакты мындайча сыпаттаптыр. Айтуучу, аткаруучу - жаш манасчы Рысбек Исаков:
- Кара болот кыргачы,
Айкөл Манас Сыргагы,
Ааламга жетет чамасы,
Артыктыгын карачы,
Манас менен эр Сырга
Ага-ининин баласы,
Душманга күчтүү кырааны,
Жыйырма бирде убагы,
Жекейге белин курганган,
Толоочуга кол салган,
Сыргактын сынын сурасаң,
Туурасы жоон, бою пас,
Тулку бою кара таш,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Пил мүчөөлү бадырек,
Калмакка салган чоң дүмөк,
Бет алып найза сунганда,
Эчен алп дөө кыйраган,
Кара кайсар, Шыпшайдар,
Караанын көрүп ыйлаган -
деген шерден экен. Анан Эр Сыргак Коңурбайдын көзүнө:
- Желмогуз сындуу көрүнгөн,
Басканынан чаң чыккан,
Каарынан жан чыккан.
Кечээ эр Коңурбай калчаңыз
Сарала менен Алманды
Жипсиз байлап алганда,
Бурулуп адам кутулгус
Буйга салып алганда,
Каарланып кан Коңур
Жолго салып калганда,
Ошону көрүп эр Сыргак,
Кайгырып кейий баштады,
Кайран жанды Сыргагың
Кылга байлап таштады.
Алакемден айрылып,
Токол болуп кетемби,
Жал-куйруктан айрылып,
Сопол болуп кетемби?
Күрдөөлү кыргыз мураа журт
Аңгеме кепти кураса,
Алекең кайда кетти деп
Бакай, Кошой сураса,
Капкараңгы түн түшүп,
Кандайча жооп айтамын?
Өлбөй аман жүргөндөнө
Не мураска жетейин,
Каардуу душман колуна
Караан кылган Алакем.
Кантип таштап кетейин -
деп, ошентип, эр Сыргак,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Астындагы Көкчебич,
Жандап кетти Калчаны,
Берен Калча ушул деп,
Чыканактын баягы,
өпкөсүнүн тушу деп,
Берен Сыргак кабылган,
Белгилүү жерди муштады
Күп дегизе Калчаны,
Капталдан нары муштады,
Жер айрылып дүркүрөп,
Ала салым Эр Калча,
Алкаранын үстүнөн
Кулап кетти күркүрөп -
деп, Саякбай атабыз эр Сыргакты сыпаттаптыр.
XS
SM
MD
LG