Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Чаркулуктар чатак чыгарып койо жаздашты


БАТКЕН. Кыргыз-тажик чегарасындагы Баткендин Аксай айыл өкмөтүнө тиешелүү 10 гектардай жерди өткөн жуманын соңунда тажик атуулдары өз алдынча ээлешип, бак-дарактардын 500дөй көчөтүн отургузуп коюшкан болчу. Бул маселени иликтөө үчүн облус бийлиги 18-февралда атайын комиссия түзгөн. Аны жетектеген облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин билдиргенине караганда, комиссия эки күн иштеп, тажик жарандары 10 гектардай жерге көчөттөрдү тигишкенин, баш-аягы 30 гектардай жерди ээлөөгө аракет жасашканын аныктаган. Бул боюнча Тажикстандын Исфара районунун бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, тигилген көчөттөр кайра жулунду жана тажик жарандарынын кыргыз жерин ээлөө аракеттери токтотулду.

Кабарларды Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG