Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Жалалабад дагы жандана баштады


ЖАЛАЛАБАД. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын Жалалабад облустук комитети мамлекеттик тилди коргоо максаты менен митинг өткөрүүгө бийликтен уруксат сурады. Комитеттин өкүлдөрүнүн айтымында, кыргыз тили жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" жаңы мыйзам коргоого муктаж. Эне тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик камкордук көрүлүп, өлкөдө жашаган бардык адамдар аны колдоосу зарыл. Ушундан улам комитеттин Жалалабад, Сузак, Базаркоргон аймактарынын өкүлдөрү катышкан чогулушунда "Тил тагдыры-эл тагдыры" аттуу митингди 1-мартта өткөрүү чечими кабыл алынган. Аны Барпы атындагы театрда өткөрүүгө уруксат Жалалабад шаар башчысынан суралды. Акцияга болжол менен 300-350 адам катышаары кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG