Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

ЖУРНАЛИСТТИН УКУГУ, К.БАКИЕВДИН МАЕГИ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ


Парламент тарабынан кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга президент кол койо электе эле айрым депутаттардын аракети менен чоң чуу чыкты. Кыргыз басма сөзүндө кыргыз тилинин коомдогу орду тууралуу ар кыл көз караштар, пикирлер айтылууда.

Мамлекеттик тил мыйзамынын сыясы кургай электе айрым депутаттар чуу көтөрүп, шашылыш телеграммаларды Бириккен улуттар уюмунан тартып, ЕККУ, Орусиянын Мамлекеттик думасына чейин жөнөтүп, чоң талашка айлантып жатышканын жума күнкү “Агым” гезитинде мамлекеттик катчы О.Ибраимов “Кыргыз тилине каршы чыгып депутат болгондон көрө” деген макаласында сынга алды. “Бизге ар кайсы жактан каттар, официалдуу реакциялар жаай баштады. Айтор, бизди эки бутубуздан аксатыш үчүн “тышкы душмандын” эч бир зарылдыгы жок экен!” деп жазат ал.

«Мамлекеттик тил» мыйзамынын айланасындагы саясий чайкоочулукка апта соңундагы “Кыргыз туусу” гезитинде Абибилла Пазылов кайрылды. “Тээ совет доорунда, “Мамлекеттик тил жөнүндө” алгачкы мыйзам талкууланган кезеңде деле мынчалык жаалданууларга тушуккан эмеспиз”,- деп жазат автор.

Мамлекеттик тил кимге уйку бербей жатканына жума күнкү “Заман Кыргызстан” гезити да токтолду. “Орус тилдүүлөрдү тынчсыздандырып жаткан негизги нерсе – мамлекеттик тилде сүйлөй албагандардын мамлекеттик кызматтарда иштей албай калышы болууда”, деп жазышат Н.Максутова менен И.Жанузаков.

Адабиятчы Салижан Жигитовдун айтуусунда, жаңы мыйзам кагаз бетинде калчу мыйзам. “Ырас, эне тил проблемасын бетине кармаган шылуундар “мамтил, мамтил” деп жер сабап атып бюджеттен олчойгон акча бөлдүрүп, аны жалмап жеп коюшу мүмкүн,- дейт С.Жигитов.- Тил мыйзамы эне тилибиздин ошондой жемекейлерине керек эле, эми алардын ити чөп жеп, ташы өйдө тоголоно турган заман келди дей бергиле”.

«Эне тил көйгөйү жакындан бери дагы козголо баштаганы, антишке орусташып калган жаңы муундун бийлик тизгинине илешип, сан жагынан арбып калганы себеп болууда” деп жазды жума күнкү “Эркинтоо” гезити. Кыргыз тил фонд жетекчиси Түгөлбай Мамбетжунушевдин айтуусунда, ушу тапта “мекеме-уюмдарда, министрликтерде, “акүй, көкүйлөрдүн” аппараттарында дээрлик “киргиздер” болуп, иш кагаздарынын баары орус тилинде” жүрүүдө.

Журналисттердин укугун коргоо маселесин азыркы бийлик менен оппозиция эки башка түшүнөөрүн жума күнкү “Трибуна” гезитинде Ырысбек Өмүрзаков жазды. “Депутаттарды кысталыш абалга капталтып мамлекет башчысы 5% мамлекеттик жыйымды төлөө тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылды. Андай акчаны чөнтөгүнөн чыгарышты депутаттар да, чиновниктер да каалашпайт “, деп жазат автор.

Шайлоо жакындаган сайын саясий популизмдин күнү тууп, ишке ашпас убадалар арбын айтылаарын жума күнкү “В конце недели” апталыгында С.Аманбаев белгиледи. «Саясий күчтөрдүн түшүнүксүз аралашмасынан кимдин эмнени кааларын билиш кыйын, баарынын көздөгөнү бирөө гана - бийлик» деп жазат автор.

«Кызматтагы адам аз сүйлөп, арбын иш жасашы керек»- дейт жума күнкү “Жаңы ордо” гезитиндеги маегинде парламент депутаты Курманбек Бакиев. Мурунку өкмөт башчы Сох анклавы маселеси кантип чечилгенин, Аксы жаңжалы кандайча токтотулганын айтып, артынан ээрчиген ушак-айың кепке теңелбесин билдирген. Ушул эле гезитте У.Атековдун “Канайымды сындаса болобу?” деген макаласы жарыяланган. Анда автор М.Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” китебинин орусчасындагы эки так эместикке, китептин 157-бетинде Манастын уулу менен небересин адаштырып алганына, 1958-жылы 20 жаштагы Ч.Айтматов биринчи аңгемелер китебин чыгаргандыгы тууралуу жазганы так эместигине токтолгон. “Ушундан улам китепти М.Акаева өзү эмес, кыргызды жана анын тарыхын жакшы билбеген бирөөгө жаздырганбы деген ойго кетесиң”, деп жазат У.Атеков.

Өткөн жылы кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны бюджетте көрсөтүлгөн 77 миллион сомдун ордуна 100 миллиондон ашуун сом, ал эми Эл өкүлдөр жыйыны 33,5 миллион сомдун ордуна 40 миллион сом чыгымдашканын жума күнкү “Вечерний Бишкек” гезити жазды.
XS
SM
MD
LG