Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

КАЗАКСТАН: СТУДЕНТТЕРДИ БАҢГИЛИК ЖААТЫНДА ТЕКШЕРҮҮ ОРУНДУУБУ?


Шейшекан Жаналиева, Прага шаары Казакстандын жетекчилиги студенттердин маң заттарын колдоноор, колдонбостугун билүү максатында жыл сайын текшерүү жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Студенттер, мектеп окуучулары, ал тургай дарыгерлер Казакстандын жетекчилигинин сөзсүз түрдө жогорку окуу жайларында, мектептерде мындай текшерүү жүргүзүү керектиги тууралуу чечимине тынчсызданган пикирлерин билдиришүүдө.

Казак бийлик өкүлдөрүнүн пикирлерине караганда, өкмөттүн бул чечими туура. Анткени, жаштар арасында маң заттарын колдонгондордун катарларын азайтууга жана ВИЧ-инфекциясын жайылтуучулардын санын кыскартууга мектептерде жана жогорку окуу жайларында жүргүзүлгөн иликтөө жакшы натыйжа бербей койбойт,-дешет алар.

Бирок бул пикирге укук коргоочулар каршы."Бул- адам укуктарынын ачыктан ачык бузулушу. Канында маң затынын бар же жок экенин текшертүү ар кимдин өз эрки",- дейт Казакстандагы адам укуктары жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча эларалык бюронун директору Евгений Жовтис.

Ал эми Казакстандын билим берүү министринин орун басары Куляш Шамшидиновдун ою боюнча, жаштарды жана өспүрүмдөрдү жылына бир жолу текшерүүдөн өткөрүүдөн эч чочулоонун кереги жок. Тескерисинче, бул текшерүүнү жаштарды ар кандай жаман адаттардан сактап калуунун жолу катары гана түшүнүү керек. Ошондуктан, билим берүү министрлиги профилактикалык иштерди жүргүзүү жана маң затты колдонгондорго жардам берүү максатында атайын уюмдарды түзүү жагын карап жатат.

Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги да бул демилгени колдоп чыгышты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сауле Дыйканбаева маалымат таратты. Анын айтымында, министрлик 2004-жылы мектеп окуучуларына жана студенттерге текшерүү жүргүзүү үчүн 700 миллион теңге бөлдү.

Казакстандагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери баңгиликке каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмасын ишке киргизүү аракетин көргөн өлкө жетекчилигине кайчы пикирлерин билдиришүүдө. Алардын айткандарына караганда, мындай ыкма жаштардын турмушуна жана келечегине доо кетирет. Анткени, келечегинен көптү үмүттөндүргөн таланттуу бүтүрүүчү маң затына бир жолу азгырылып, кокусунан анын канынан мындай зат табылса, ал эч качан өзү каалаган жумушуна орношо албайт.

Астана шаарынын тургуну Сауле Хасанованын айтымында, Казакстанда тилекке каршы мурдагы советтик педогогиканын ыкмалары азыр да студенттерге жана окуучуларга пайдаланылат. Себеби бүт педагогика жазалоо принциптери менен жүргүзүлөт. Жогорку окуу жайларындагы жана мектептердеги ар кандай иш-чаралар окутуучулардын, мугалимдердин уруксатысыз уюштурулбайт,-дейт Хасанова.

Ал эми ВИЧ инфекциясынын жана СПИД профилактикасынын проблемаларын иликтеген укук коргоочу Мэри Стразерздин пикиринде, жаштар, студенттер арасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында маң зат колдонгондор ачыкка чыкпай койбойт. Анткени, мамлекеттик органдар, айрыкча, ички иштер министрлиги өлкөдө баңгиликке каршы күрөшүү боюнча туруктуу иш жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды кагаз жүзүндө болсо да үзгүлтүксүз берип турат.

Расмий маалыматка караганда, Казакстанда ушул тапта 50 миң адам маң зат сайынышат, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, ийне куюнган маңчылардын саны 250 миңден ашат. СПИДге каршы күрөшүү проблемасынын тараткан билдирүүсү боюнча, Казакстандагы ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын 85 пайызы маң зат сайынгандар болуп эсептелет.

Алматы шаарындагы СПИДге каршы күрөшүү борборунун врач-эпидемиологу Рязанованын айтымында, учурда баңгилик жаштарды катуу азгырууда. Ошондуктан, баңги заттарына каршы күрөшүү мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлдү, бирок анын жыйынтыгы азыраак болуп жатат.

"Ар бир студенттин канын текшерүүден эч нерсе чыкпайт. Анткени, маң зат колдонуп жүргөн студенттердин баарынан эле текшерүү учурунда мындай затты табуу кыйын. Мындай ыкмадан көрө врач-нарколог эле кайсыл студент маң затты үзгүлтүксүз пайдаланып жүргөнүн далилдеп берет",-дейт Рязанова.

Астана шаарындагы Агрардык университеттин Тахир аттуу студентинин ою боюнча, жаштарды минтип текшерүүнүн анча зарылдыгы жок. Мындай жол менен баңгиликке каршы күрөшүү мүмкүн эмес. Анткени, Казакстанда баңгиликке азгырылгандар жыл сайын өсүүдө.
XS
SM
MD
LG