Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

"ОБЕРОНДУ" ЖАРДЫРГАНДАР ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН АЛЫШТЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек 2002-жылы Дордой базарындагы «Оберон» соода комплексиндеги жардырууда 6 адам набыт болгон. 2003-жылы 8-майда «Бакайбанктын» Ош филиалында болгон жардыруудан бир адам көз жумган. 20- февралда бул ишти тергеген Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсү Медетбек Талиев журналисттерге маалымат берди.

Жардыруулар Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн колунан келгенин укук коргоо органдары аныктаган. Ага катышкан Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнө жана Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын кызматкерлерине 19-февралда Кыргызстандын аскер соту өкүм чыгарды. Ал жардырууга катышкан 9 адамдын бешөө Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү болгон. Үчөө Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын кызматкери. Ал эми тогузунчусу-Кытайдын жараны Туохети Турсун эмгиче табыла элек. Ал террорчу топко кыргыз паспортторун жасатып берип, ок-дары менен камсыз кылып турган. Ички иштер органдарынын иликтөөсү боюнча, Туохети өткөн жылдын жазында Бишкек-Торугарт жолунда бараткан автобустагы 21 адамдын өрттөлүшүнө да тиешеси болушу ыктымал.

Бул ишти иликтеген тергөөчү Медетбек Талиевдин айтымында, Өзбекстандын атуулдары Изатуллаев Ильхом, Абдуллаев Асадулло, Шухрат Масирахунов жана Кыргызстандын атуулу каракулжалык Илимбек Маматов 2000-жылдан баштап Ооганстанда жана Пакистандагы атайын лагерлерде даярдыктан өтүп келишкен. Атайын террор жасоого чоң даярдыктан өткөндөн кийин булар Кыргызстанда АКШ элчилигинин же чет өлкөлүктөр көп жатчу «Пинара» мейманканасын жардыруу тапшырмасы менен келишкен.
Жардырууну Азиз Каримов жетектеген. Ал бир жума мурун Өзбекстандын Жогорку соту тарабынан өлүм жазасына кесилди. Башка өнөктөштөрүнөн айырмаланып, Өзбекстанда жалгыз соттолушуна анын Өзбекстандын аймагында колго түшүрүлгөндүгү негиз берди. Анын үстүнө ал 1999-жылы өзбек президентине кол салууну уюштургандардын бири катары мурда эле издөөдө жүргөн.

Азиз Каримов баштаган чакан топ жардырылсын деген тапшырма боюнча ал жайларды өтө кылдат иликтешип, ал эки жайды жардыруу мүмкүн эместигин түшүнгөн. Америка элчилигинде да, «Пинара» мейманканасында да коопсуздук кызматы өтө тыкыр иштээри дайын. Азиз Каримов өз пикирлештери менен андан көрө киши көп “Оберон» базарын тандашат. Ал үчүн жардырууга детонатор керек болуп ушул жерден кыргызстандык Илимбек Маматовду ишке тартышат.
Илимбек Маматов 1979 –жылы Каракулжа районунда туулган. Ал өз дайынын эки жыл бою туугандарына айтпай, Пакистан, Ооганстандагы атайын лагерлерде ислам кыймылчылары менен бирге жүргөн. Илимбек Маматов Улуттук гвардияда взводдун командири болгон агасы Мирлан Маматовго келип, жардам сураган. Ал өз кезегинде гвардиянын куралдар сактоочу кампасынын башчысы Юрий Корчма жана курал-жарак боюнча кызматтын башчысы Евгений Шабаровдон жардыргыч берүүнү өтүнгөн.

Тергөөчү Медетбек Талиевдин айтымында, Улуттук гвардиячылар детонаторду эмне үчүн берип жатканын билишкен эмес. Себеби, Илимбек агасына балык кармаганга баратканын айтып, детонатор суунун ичиндеги балыктарды өлтүргөнгө керек деп калп айткан. Анын сөзүнө ишенип Улуттук гвардиянын ок-дары сактоочу кампасынан 10 детонатор алып чыгып бергени үчүн Улуттук гвардиянын үч кызматкерине сот 3 жылдан жаза берди. Экөө «Мунапыс» тууралуу мыйзамдын талабына ылайык, сот залынан бошотулду. Мирлан Маматов болсо инисинин жалган сөзүнө кирип, эки кесиптешин көндүргөнү үчүн катуу режимдеги 3 жылдык түрмө жазасын алып, камалды. Анын иниси Илимбек издөөдө.

Улуттук коопсуздук кызматы билдиргенге караганда, жардыруудан кийин ал Бакуга учуп, андан ары Пакистанга кирип кетип изин сууткан.
Медетбек Талиевдин айтымында, кармалгандар Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү болгондуктарын моюнга алышкан:

- Изатуллаев Илхом бүт баарын өзү айтып берди. Жардыргыч заттарды кантип жасаганын так баяндады. Ал айтып берген үлгү боюнча жардыргыч заттын макети жасалды. Алар пайдаланган саатты да таптык. Эксперттерге алар пайдаланган схеманы жана биод, катод өңдүү жарылган жерден табылган элементтерди бердик. Бул жардыргыч заттар чындап эле жарылаары сотто да далилденди. ИДУнун мүчөсү экендиктерин өздөрү моюнга алышты,-дейт Медетбек Талиев.

Бул жардырууларга Пакистандагы террордук уюмдар каражат бергени айтылууда. Азыр издөөдөгү өзбекстандык Шухрат Масирахунов «Оберондогу» жардырууга нааразы болгон. Ал Азиз Каримов жана Изаттуллаев өңдүү өнөктөштөрүн «Тапшырманы аткарган жоксуңар, бөлүнгөн акчаны кайтаргыла»,- деп кыйнаган. Бул дооматтан кутулуу үчүн алар «Бакайбанктын» акча которуучу жана алмаштыруучу жайында иштегендердин ишеничине кирип, «Вестерн Юнион» аркылуу 100-200 долларды туш тушка которо баштайт. Бир күнү колуна даяр жарылчу затты алып банкка барып, 7 миң доллар котороорун айтат. Анын сөзүнө ишенген банктын кызматкери 7 миң долларды Бишкекке которору менен жардыргычты басып, өзү качып чыгат. Ошентип 7 миң доллар Бишкекте күтүп турган Абдуллаевдин колуна тиет. Бул окуядан 2 күн өтпөй террорчулардын экөө колго түшкөн. Аскердик сот Изатуллаев менен Абдуллаевди өлүм жазасына кести.

Бул сот иши Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексине кийинчерээк киргизилген террордук чабуул жөнүндөгү 226-берене боюнча жүргүзүлгөн алгачкы сот жараяны болду. Буга чейин мекенине чыккынчылык кылуу жана куралчан топко кошулду деген айып менен Баткен согушундагы Кыргызстанга каршы аракет кылган делип Шералы Акботоев соттолгон.

«Өзбекстандын ислам кыймылы» атын «Түркестан ислам кыймылы» деп өзгөрткөндөн кийин ого бетер күчтөнүп Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч күчөдү деген пикир бар. Ошол эле учурда айрым байкоочулар, кыймыл ичинде жарака пайда болуп, ич ара ажырап алсырады дешет. Терроризм жана экстремизмге каршы борбордун директору Иманберди Жалилов террордук коркунуч жок дегенден алыс. «Түркестан ислам кыймылынын» кай жакта жана кандай аракеттерди көрүп жатканын азыр эч ким так айта албайт. Анын ою боюнча, Кыргызстандын коңшулары менен чегарасы делимитацияланып бүтө электиги жана чегаранын бекемделбегендиги мындай куралчан топтордун аракетин күчөтүшүнө шарт түзүүдө.
XS
SM
MD
LG