Лахдар Брахими жетектеген эл аралык эксперттер бригадасы, башка бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен Кофи Аннан коопсуздук кеңешинде кеңири жыйын өткөрдү. Эксперттер баш катчынын тапшырмасын аткарып, Иракта жаңы саясий бийлик органдарын түзүү боюнча сунуш кылынган ар түрдүү тарыйка-таклиптерди жеринде сүрүштүрүп, талкуулап келишкен эле. Артыкчылык бергидей бир да вариант жок, деп айтты Аннан. Маселени ирак калкы менен макулдашып, мастеттешип көрүү керек, муну алар өз ара акылдашып, жоопкерчиликти өздөрүнө алууга тийиш. Бу жагынан мунаса табуу үчүн Аннан ООНдун өкүлдөрү ирактыктар менен иштеше тургандыгына ишендирди. Эң негизги маселе, Аннан ырастагандай,өткөөл өкмөт түзүүнүн механизмин аныктоодо турат.
Ошол эле күнү Багдадда коалициялык администрациянын жетекчиси, АКШнын өкүлү Пол Бремер өткөөл өкмөт түзүүнүн тартибин өзгөртсө болорун моюнга алды. Бирок бийликти ирактыктарга берүүнүн мөөнөтү 30-июнга белгиленгенин жана бул шартты так сактоо зарылдыгын кайрадан эскертти. Аталган мөөнөттөн ары коалиция Иракты башкарганга ниети жок.
Коопсуздук кеңешиндеги жыйындан соң Германиянын ООНдогу элчиси Гюнтер Плойгер сыягы, Брахими мыйзамдуу өкмөттү эркин жана адилет шайлоо жолу менен гана түзгөнгө болорун,ал эми жайга чейинки кыска мезгил ичинде мындай шайлоо өткөрүү мүмкүн эместигине ал-Систанини, ирактыктарды ынанткан окшойт деп билдирди.
Аннандын пикирлерин Нью-Йорк университетинин профессору Ноах Фельдман да жүйөөлүү деп эсептейт. Бул жеңил-желпи иш болбойт, бирок баш катчынын айткандары абдан туура, деп билдирди Фельдман “Азаттык” радиосуна. Анын үстүнө Фельдман Ирактын утурумдук башкаруу кеңешинде жөн-жүйөөгө түшүнгөн, акыл ийлеп, ой калчай билген адамдар отурат, аятолла ал-Систани да бу жүйөөнү түшүнөт деген ишеничте.
Маалымдар араб булактары ырасташкандай, Лахдар Брахими менен аятолла ал-Систани жалпы элдик шайлоону быйыл декабрда же эмдиги жылдын башында өткөрүү жөндүү болот деген бүтүмгө келишти. Бул мунасалуу мастет болду, деп билдирди арап дипломаттары. Бирок бу маалымат ырасмий түрдө тастыктала элек. ООНдогу дипломаттар арасында да ушундай пикирлер айтыла баштады. Аятолла ал-Систани шайлоону Иракта 30-июнга чейин өткөрүүнү талап кылган эле.