Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Малайзия Пакистан ядролук технологияны Ливия менен Иранга сатканын ырастоодо


КУАЛА-ЛУМПУР. Малайзиянын полициясы Пакистан ядролук технологияларды Иранга жана Ливияга сатканын ырастады. Полиция мындай билдирүүсүн учурда суракка алынып жаткан шриланкалык далдалчы Бухари Сыед Абу Тахирдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде жасады. Абу Тахирдин сөзүнө караганда, 1994-95-жылдарда пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хан андан уран иштетүүчү жабдуулардын бөлчөктөрүн Иранга жеткирүүнү өтүнгөн. 2001-жылы болсо Ливия Пакистандан байытылган уран алган. Абу Тахир Малайзиянын мыйзамдарын бузбагандыктан Малайзия бийликтери аны камакка алуу пландары жок экенин билдиришет.

XS
SM
MD
LG