Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Казакстан коңшуларын ташкын суу маселесин биргелешип чечүүгө чакырууда


Казак бийлигинин айтымында, эгер Борбор Азия өлкөлөрү Шардарыя маселесин биргелешип чечүүгө көнбөсө, Астана өз алдынча аракет көрүүгө аргасыз болот. Тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев кечээ күнү Алматыда кыргыз, өзбек жана тажик министрлери менен жолуккандан кийин, жагдай оор экени тууралуу айтты: "Маселе боюнча коңшулар менен дагы акылдашуу керек, бирок келечекте абал оор бойдон кала берсе, Казакстан Сыр-Дарыяда жаңы Коксарай суу сактагычын куруу чечимине келүүгө аргасыз болот". Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынан өтө көп суу чыгарыла баштагандыктан, Казакстандын Кызылордо (Кзыл-Орда) аймагын суу каптап, эки миңге жакын адам көчүрүлдү.

XS
SM
MD
LG