Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 07:06

Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча жаңы комиссары дайындалды


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан кечээ күнү канадалык сот Луиз Арбурду Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча жогорку комиссары кылып дайындады. Арбур мурда Югославия жана Руанда боюнча түзүлгөн эл аралык сотторду жетектеген. Мурдагы комиссар Сержио Виейра ди Мелло Бириккен Улуттардын Ирактагы өкүлү болуп дайындалып, Багдадга келип иштей баштаганда, өткөн август айында террордук аракеттен курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG