Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ КЫРГЫЗ-ОРУС МАМИЛЕЛЕРИНЕ КАНДАЙЧА ТААСИР ЭТЕТ?


«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы алатоолук коомчулукта эки жактуу пикирди пайда кылды. Калктын орус тилдүү бөлүгүнүн айрым өкүлдөрү мыйзамды сынга алып, президент ага кол койбош керек деген пикирде турат. Ал эми Кыргызстандын негизги өнөктөшү болгон Орусия мыйзамга кандай карайт? Ал эки өлкөнүн мамилесине залал кылбайбы?

Расмий Москва «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына карата эч кандай реакция жасай элек. Муну Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов да ырастады:

- Расмий реакция жок. Бирок, биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, «Мамлекетик тил жөнүндө» мыйзам расмий тилге залал тийгизбесин айтып жатабыз.

Бирок Орусиянын бир катар маалымат каражаттарында тил жөнүндө мыйзам сынга алынганы белгилүү.

Ал эми Кыргызстандын бир катар саясатчылары мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кыргыз-орус мамилесине терс таасирин тийгизет деген пикирде. Маселен, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков буга карата мындай дейт:

- Орус тилине расмий тил макамын бергенде, Орусия аны абдан жылуу кабыл алып, ыраазычылык билдиришкен. Эми болсо ыраазычылыктан кийин бизге сууп калышат го.

Ушундай эле пикирин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Диль да билдирди:

- Эки тараптуу мамилеге (мыйзам) кандайдыр бир таасирин тийгизет. Анткени Орусия жакынкы эле эмес, алыскы чет мамлекеттердеги улутташтарынын абалына да көп көңүл буруп жатпайбы. Бирок менин айтаарым, көп убакыт талкууланып кабыл алынган мыйзам өзүбүздүн Конституциябызга каршы келет. Бизге «Мамлекеттик тил жөнүндө” эмес, «Тилдер жөнүндө» мыйзам керек, анда мамлекеттик жана башка тилдер жөнүндө бөлүмдөр болуш керек.

Айрыфм саясатчылардын оюнча, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракет эгемендүү Кыргызстандын ички саясатына жана анын Орусия менен мамилелерине терс таасирин тийгизбейт. Мындай пикирин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди:

- Ошол эле Орусияда бардык чиновниктер орус тилинде сүйлөп, иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлөт. Ошондуктан көз карандысыз, эгемендүү эки мамлекеттин тең ата жүргүзүп жаткан саясатына мыйзам эч кандай таасирин тийгизбейт. Бирок ортодо оюн кылабыз деген, аны менен өзүнүн саясий максатына жетем деген күчтөрдүн тилди пайдаланганына жол берип коюп жатабыз.

Бишкек менен Москванын мамилелеринин улам жакшырышына Кыргызстанда орус тилине расмий тил деген макам берилиши жана Кант аба майданына орус аскердик күчтөрүн жайгаштыруу окуялары да кыйла огожо болгон.

Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын өзгөчө мамилеси бар жана ар кандай маселелер ошонун алкагында чечилет. Бирок Орусия ар кандай өзгөчө мамилелерге карабай, чет мамлекеттердеги улутташтарынын жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоодо кескин кадамдарга барып жатканы да белгилүү. Мунун акыркы көрүнүштөрүнүн бири - Орусиянын эң негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири Беларуска карата газ маселесинде жасаган соңку салкын мамилеси. Андан сырткары, Орусия өз өнөктөшү Тажикстан үчүн олуттуу болгон бир катар көйгөйлөрдү да чечпей келет. Маселен, Дүйшөмбү-Москва поезд каттамына уруксат бериле элек. Тажик эмгек мигранттары Орусиядан көбүнчө ачык түрдө депортацияланууда.

Учурда Кыргызстанга карата мындай салкын саясат колдонулбаса да, расмий Бишкекке дипломатиялык жол менен таасир этүү аракети жасалышы ажеп эмес деп эсептешет И.Абдыразаков сыяктуу айрым жергиликтүү адистер.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG