Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

АДАМ АТКЕЗЧИЛИГИНИН КЭЭ БИР МАСЕЛЕЛЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы жылдарда дүйнөдө адам аткезчилиги күчөдү жана ар башка уюмдар ага каршы күрөшүүнүн жолдорун издөөдө. Борбор Азиядагы кырдаал дагы татаал жана азыр аймакта бул кесепетке каршы негизинен Эл аралык миграция уюму аракеттенүүдө. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму март айында Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн Батышка адамдарды мыйзамсыз алып чыгууга каршы атайын программа баштап жатат.

Программа үч жылга уланат жана ага эки жарым миллион доллар бөлүнүүдө. Анын авторлорунун бири Хелен Сантьяго Финк "Азаттыктын" кабарчысы Юджин Томиуш менен маселе жөнүндө маектешкенде, адам аткезчилиги акыркы мезгилде Борбор Азияда дагы күчөп баратканы, бирок кеңири калк жана өлкө жетекчилери ага азырынча көп көңүл бура электиги тууралуу айтты:

- Менин оюмча, Борбор Азия жумурияттары бул маселеге азырынча жетиштүү көңүл бура элек. Аны жеңилдетүү үчүн, маселени саясий деңгээлге көтөрүү зарыл. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, адамдар Борбор Азиядан негизинен Бириккен араб эмираттарына алып чыгылат жана андан соң кыз-келиндер Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө таратылат.

Адам аткезчилиги тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчылыгы былтыр даярдаган докладда дүйнө мамлекеттери бул маселе боюнча үч топко бөлүнгөн. Биринчи жана эң коркунучтуу топко дүйнөнүн 15 өлкөсү - Белиз, Босния, Гаити, Грекия, Грузия, Доминика, Казакстан, Куба, Либерия, Миянма, Өзбекстан, Судан, Суринам, Түндүк Корея жана Түркия киргизилген. АКШ өкмөтүнүн айтымында, бул мамлекеттердин жетекчилиги адам аткезчилигин токтотуу үчүн жетиштүү чара көрбөйт, ошондуктан алардагы абал келерки жылдарда начарлашы мүмкүн. Экинчи топко - алардагы абал дагы анчалык начар эмес деп эсептелинген мамлекеттер кирген. Үчүнчү топко болсо жетекчилиги талаптуу чара көрүп жаткан өлкөлөр киргизилген жана мурдагы советтик жумурияттардын ичинен бул топко жалгыз Литва гана кошулган.

Америкалык докладда келтирилген маалыматтарга караганда, кыз-келиндер Кыргызстандан негизинен Алмания, Бириккен араб эмираттары, Грекия, Кытай жана Түркияга сатылат. Андан тышкары, кошуна Өзбекстан менен Тажикстанда бул мыйзамсыз аракеттердин торуна түшкөндөр негизинен Кыргызстан аркылуу сыртка чыгарылат. Ага кошумча, көптөгөн кыргыз жарандары кошуна Казакстанга мыйзам бузуу жолдору менен алып келинип, ар башка жумуштарда, негизинен тамеки талааларында иштетилет. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын Кыргызстандан сыртка төрт миңге жакын адам мыйзамсыз алып чыгылат.

Маселени жеңилдетүү үчүн, эң биринчи кезекте калктын кеңири катмарлары андан кабардар болгону жакшы, анткени чет өлкөдө жумуш таап берип, бейиш убадалагандардан алар обочолоно баштайт. Хелен Сантьяго Финктин айтымында, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму баштап жаткан жаңы долбоордо дагы ушул маселеге басым жасалат:

- Программа үч багытка бөлүнөт. Анын биринчи бөлүгү - эл арасындагы жана өзгөчө жеке менчик туризм секторундагы иштер. Экинчиси - Батыш коому арасындагы аракеттер. Жана үчүнчүсү - экономикалык абалды жакшыртуу.

Хелен Сантьяго Финктин айтымында, Батыш коому арасындагы пропаганда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү дагы өтө маанилүү, анткени дал ушу Батышта арзан жумуш күч жана сексуалдык кулдарга болгон талап - өнүкпөгөн өлкөлөрдөн Батышка карай адам аткезчилиги өсүп баратканынын себептеринин бири.
XS
SM
MD
LG