Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

КЫРГЫЗСТАНДА ЭКСПОРТ ЭМНЕ ҮЧҮН ӨСПӨЙ ЖАТАТ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн экспорттун көлөмүн кескин кеңейтүү зарыл, анткени, өлкөнүн ички базары тар. Ошон үчүн президент экспортту жылына 10% көбөйтүп турууга өкмөттү мындан 3 жыл мурун милдеттендирген болчу. Бул тууралуу өлкөнүн стратегиялык программаларында да жазылган. Бирок, азыр бул тапшырма кагаз жүзүндө гана калып, аткарылган жери жок.

Акыркы 3 жыл ичинде экспорт президент Аскар Акаев айткандай 10% өспөй эле, анын өсүш темпи олку–солку болуп, иш жүзүндө бир калыпта эле калып калган. 2000-жылы ал 14% өссө, кийинки 2001-жылы 19% төмөндөп, 2002-жылы кайрадан 23% көбөйгөн. Бирок, өткөн жылы ал кайра 0,2 % азайган.
- Биздин атуулдарды жакырчылыктан чыгаруунун эң башкы куралы болуп эсептелген экспортту алга жылдыруу жаатында, тилекке каршы, өкмөттүн тырышчаактыгы жана өжөрдүгү жетишсиз болгондугун ачык айтып коюшум керек , - деди Аскар Акаев 7-февралда болуп өткөн өкмөт жыйынында.

Кыргызстанда өз продукциясын тышкы базарга үзбөй алып чыгып турган 3-4 гана ишкана бар. Алар «Кумтөр алтын комбинаты», Канттагы цемент-шифер комбинаты, Майлуусуудагы электр лампа заводу жана Токмоктогу айнек заводу. Калган ишканалар бул багытта олуттуу натыйжага жетише албай жатышат. Кыргызстандын экспортунун 40%ын канадалыктар казып жаткан алтын түзөт.

Товардын экспортун жолго койо албаган Кыргызстан азыр жумушчу күчүн экспорттоого аргасыз болуп отурат. Маалыматтарга караганда, 500 миңге жакын кыргызстандыктар Орусияда, Казакстанда жана башка алыскы өлкөлөрдө иштеп журүшөт.

- Бул сыртка кетип калган адамдар бизге жылына, менин эсебим боюнча, 300-500 млн доллар жиберип турушат. Бул биздин экспорттон да, Эл аралык валюта корунун бизге берген жардамынан да, биздин улуттук бюджеттен да көп , - дейт АКИ-пресс маалымат агенттигинин директору, Бишкек бизнес-клубунун мүчөсү Марат Тазабеков.

Өкмөт экспорттун алга жылбай жатышынын себебин, адатта, биздин экспорттун жолуна кошуна өлкөлөр жасап жаткан тоскоолдуктар бөгөт болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшөт. Алар Кыргызстандын өз территориясы аркылуу өткөргөн экспорт товарлары үчүн өтө эле жогору жол акы, салык жана башка төлөмдөрдү талап кылышып, товар керектөөчүгө жеткенге чейин эле 1,5 эсе кымбаттап кетет дешет. Бул маселелерди чечүү өкмөттүн милдети болуп эсептелет. Өкмөт болсо бул жерде өзүнүн алсыздыгын мойнуна алууда. Ал тууралуу вице-премьер Жоомарт Оторбаев:

- Бизге - мамлекеттик чиновниктерге - Кыргыз республикасында иштөө кыйын болуп жатат. Анткени, Орусияда, Казакстанда жаңы күчтөр капиталга ээ болуп алышып, алар аткаруу бийлигине кысым жасашып, өздөрүнө керек реформалардын системасын ишке ашырып жатышат, дейт.

Андай дейин десең, бул тоскоолдуктарга карабай өз товарларын жакшынакай эле экспорттоп жаткан тармактар бар. Мисалы, статистика боюнча кийим тигүү өнөр жайы жокко эсе, бирок иш жүзүндө ал Кыргызстанда дүркүрөп өсүп бараткан бирден бир тармак экендиги белгилүү:

- Кыргызстандын тигүүчүлүк империясы өз маселесин өзү эбак эле чечкен. «Дордой» базары импорттук товарларды саткан контейнерлердин эсебинен өсүп жаткан жери жок. Ал Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатуунун эсебинен жана аларга суроо-талап бар үчүн өсүп жатат , - дейт «Александра» тигүү фирмасынын жетекчиси Эльза Ким.

Быйыл Казакстан менен сүйлөшүүлөр өз натыйжасын берип, ал Кыргызстандын жүктөрү үчүн мурдагыдай эл аралык тариф менен эмес, өздөрү пайдаланган ички тарифтин негизинде акы алууга убада берген. Ал ошондой эле Кыргызстандын автомобиль транспортуна да бир топ жеңилдиктерди бермекчи. Ушуга байланыштуу өкмөт быйыл экспорт кескин көбөйөт деп үмүт кылат:

- Биздин товарларды темир жол аркылуу Казакстандын ички тарифи менен ташуу тууралуу келишимге Казакстан менен кол койобуз. Бул - товарлардын наркын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, алардын экспорттук жөндөмдүүлүгүн арттырат, - дейт өкмөт башчы Николай Танаев.
XS
SM
MD
LG