Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Баткенде областтык аба майданы түзүлдү


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин токтомунун негизинде Баткен, Кызылкыя жана Исфана шаарларындагы аба майдандарынын базасында облустук аба майданы түзүлдү. Ал республиканын эң алыскы Баткен облусунун калкына аба унаасынын кызматын көрсөтүү менен элдин өлкө борборуна каттоосун жеңилдетүү максатын көздөйт. Бул үчүн "Алтын АЭР" жана "Ош АЭР" авиа компаниялары менен алдын- ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Баткен -Бишкек аба каттамын март айынын экинчи жарымынан тарта жандандыруу күтүлүүдө. Каттам адегенде жумасына бир жолу болот. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө дагы кошумча каттамдар жүргүзүлөт. Ал эми жол кире акысы 1600-1800 сомдун тегерегинде болот. Мындан сырткары облустагы жана кошуна өлкөлөрдөгү соодагерлер үчүн Баткен-Ош -Үрүмчү багытындагы чартердик аба каттамын ачуу да болжолдонууда. Облус аймагындагы аба майдандар эл аралык "Манас" аба майданынын Оштогу бөлүмүнөн 2003-жылдын 1-августунда бөлүнүп алынган. Мындай маалымат облустук аба майданга директор болуп дайындалган Кубанычбек Машраповдон 21-февралда алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG