Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Евразия фонду бейөкмөт уюмдарга 55 миң долларлык грант берет


БИШКЕК. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин колдоосу менен иш жүргүзгөн Евразия фонду Кыргызстанда 55 миң доллар чамасындагы каражатты камтыган үч долбоорду колдой турган болду. Мындай чечимди фонддун Бишкектеги эксперттери чыгарышты. Долбоорлор «Китепкана-маалымат концорциуму» ассоциациясына, «Укуктук структураны өнүктүрүүгө жана юридикалык билим берүүгө көмөк көрсөтүү» коомдук фондуна, Оштогу үй куруучулардын «Атаконуш» аймактык ассоциациясына жана беш шаар менен 7 облустун жашоочуларына ыйгарылат. Шаар жана облус тургундарына каражат өкмөт алдында өз талаптарын коюуну үйрөтүү максаты менен берилет. Бул фонд КМШ алкагындагы өлкөлөргө мындай колдоолорду 1993-жылдан бери көрсөтүп келатат. Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, бул жылдар аралыгында АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин колдоосу менен Евразия фонду КМШ өлкөлөрүнө 140 миллион доллар грант берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG