Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

«Эл үчүн» шайлоо блогу шайлоого даярдык көрүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте оппозициялык маанайдагы саясий партиялардан турган «Эл үчүн» шайлоо блогунун жыйыны өттү. Анда шайлоо блоктун иштөө жобосунун долбоору талкууланды. Жободо шайлоо блогунун жогорку органдарын түзүү, иштөө принциптерин аныктоо жана анын башка саясий блоктор менен биригүүсүнүн жол жоболору камтылган. Ошондой эле жыйындын катышуучулары ушул жылы күз айлары боло турган айылдык, шаардык кеңештерге, андан соң парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү, президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерди көрсөтүп, колдоо маселеси боюнча пикир алмашышты. Жыйындын соңунда «Эл үчүн» шайлоо блогунун жобосунун акыркы долбоорун блоктун 3-мартта өтө турган республикалык конференциясында бекитүү чечими кабыл алынды. «Эл үчүн» шайлоо блогу ушул жылдын 14-январында түзүлгөн. Ага «Асаба», «Кайран эл», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Республика» «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиялары кирген.

XS
SM
MD
LG