Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

АЯЛЗАТЫ БИЙЛИККЕ КӨБҮРӨӨК ТАРТЫЛУУГА ТИЙИШ


Дүйнө жүзү боюнча саясатчы аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу өтө аз. Аялдардын мыйзам чыгаруу органдарындагы өкүлчүлүгүн кеңейтүүнүн бир жолу – аларга атайын квоталарды бөлүп берүү, - деп эсептешет айрымдар. Ирак менен Ооганстандагы соңку мисалдар буга жакшы далил болуп бере алат. Бирок квота бөлүп берүү ыкмасын сындагандар да аз эмес.

Ушул аптада Ирактын америкалык администратору Пол Бремер мухиттин ары жагындагы саясатчыларга мүнөздүү эмес пикирин ортого салды. Атап айтканда, Бремер аялдарга саясий квота чегерүү практикасын жактай турганын жарыялады.

Ирактын жаңы конституциясынын долбооруна ылайык, аялдардын өткөөл парламенттеги саны 40 пайызды түзүүгө тийиш.
Ооганстанда дагы өткөн айда кабыл алынган конституцияда квотанын бир түрү каралган. Өлкөнүн ар бир вилайетинен жок дегенде экиден аял парламентке шайланышы керек.

Бул - аялдарды активдүү саясий турмушка аралаштыруу жаатында дүйнө жүзүндө байкалган жалпы тенденциянын эки гана мисалы. Бул маселе боюнча швед адиси Жюли Баллингтондун оюн угуп көрөлү:

- Менин байкоомдо, квоталар кескин түрдө көбөйүп баратат. Бул - шайлоо же саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдарды кайра карап, аларды өзгөртүп же толуктап жаткан өткөөл доордогу өлкөлөр үчүн өзгөчө мүнөздүү. Жаңжалдардан кийинки аймактарда же өткөөл доорду кечирип жаткан өлкөлөрдө “оюндун эрежелерин” өзгөртүүгө жакшы шарт түзүлгөн. Өнүккөн, калыптанган мамлекеттерден айырмаланып, ал жерлерде аялдарга квота караштырган мыйзамдарды киргизүү оңойурaак. Ошондой мыйзам, мисалы, жакында Түштүк Африка, Мозамбик, Босния жана Руандада кабыл алынды. Алар башкалар үчүн, маселен, Ооганстанга жакшы өрнөк болуп берди. Ооган парламентиндеги депутаттардын жалпы санынын 25 пайызын эми аялзаттын өкүлдөрү түзүп калмакчы.


Стокголмдогу Демократия жана шайлоо институтунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, 80ге жакын мамлекетте жергиликтүү же жалпы улуттук шайлоодо аялдар үчүн квота системасы бар же аны киргизүү талкууланып жатат.

Айрымдары тиешелүү беренени конституциясына киргизсе, Босния жана Армениянын атайын мыйзамдарында “талапкерлердин баланча пайызы” аялдар болууга тийиш деп айтылат. Бул жерде Тажикстандын мисалы өтө кызыктуу. Ал жакта жалаң аялдар ат салыша турган шайлоо чөлкөмдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Европадагы көпчүлүк солчул партиялар дагы өз кандидаттарынын тизмесинде аялдар үчүн квота караштырышкан.

Квоталарды жактоочулар дүйнөдө ар бир парламентарий айымга алты эркек депутат туура келээрин жүйөө катары аташат.
Лондондук эксперт Тим Саймондс өз кезинде британ парламентиндеги аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү кампаниясына катышкан:

- Атам-замандан бери аялзат бийликтен таптакыр четтеп калган. Эркектер ар бир тармакта үстөмдүк кылып келатат. Аялдар байыркы демократиялар учурунда деле өз санына, мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бийликке аралаша алган эмес. Аларды саясатка көбүрөөк тартууну кааласак, ушундай жасалма жолду – квоталарды киргизүү зарыл.

Албетте, бул жолду сындагандар да көп. Айрым өлкөлөрдүн үзүрдүү иштеп жаткан партиялары аялдарга парламенттен ашыкча орун бөлүп бергени менен, “квота канышасы” деген атка конгон депутаттарга кээ бир шериктери олуттуу мамиле жасашпайт.

Экинчи жагынан, дешет сынчылар, эң негизгиси, талапкерлер, жынысына карабай, татыктуу болууга тийиш. Анткени, эгерде аял-кандидат татыктуу болсо, ал шайлоодо бары бир жеңип чыгат. Квоталар потенциалдуу түрдө дискриминация катары каралышы да ыктымал. Британиянын лейбористтер партиясы жалаң аялдардан турган кандидаттар тизмеси үчүн мыйзам алдында жоопко тартылууга аз калган.

Лондондук эксперт Саймондс квота ыкмасы агрессивдүү же дискриминациялуу болбошу керек деп, Скандинавиянын системасын мисалга тартат. Ал жерде партиялар парламенттик шайлоого өз талапкерлерин көргөзгөндө аялдар менен эркектерди тең санда сунуш этишет. Айтмакчы, ошол аймакта жогорку кызматтардагы аял-саясатчылардын саны өзгөчө көп экени да маалым.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG