Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Ислам Ирактагы жаңы мыйзамдардын маанилүү элементи боло алат


Ирак аялдарынын улуттук кеңешинде сөз сүйлөп, Британиянын коалициялык администрациядагы өкүлү Жереми Гринсток ислам жаңы Ирактын түпнегиздеринин бири жана мыйзам актыларынын маанилүү бөлүгү боло алат деп билдирди. Гринстоктун айтымында, америкалык элчи Пол Бремер да ушундай деп эсептейт. Мындан бир нече күн мурда Бремер Ирактын жаңы конституциясы ислам эрежелерине негиздене албай тургандыгын эскерткен эле. Бремердин бул пикири мусулмандардын ачуусун келтирген.

XS
SM
MD
LG