Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Иракта алдыдагы бир жыл ичинде шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес


Мунун жүйөөсүн түшүндүрүп, коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер шайлоону уюштурганга бир катар техникалык себептер кедерги болуп жаткандыгын белгиледи. Өлкөдө шайлоо жөнүндө мыйзам жок, шайлоочулардын саны жана тизмеси аныктала элек, соңку жыйырма жыл ичинде өлкөдө эл каттоо иши жүргүзүлгөн эмес. Бул проблемаларды чечүү үчүн бери болгондо бир жыл, ары барганда он беш ай керек болот. Иракка эл аралык эксперттерди жиберген ООНдун баш катчысы Кофи Аннан да ушундай тыянакка келди, деп белгиледи Бремер.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG