Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

АКЫН ЖЫПАРДЫН ЫРЫ ДА ЖЫПАР


Жыпар Исабаева өзүнүн ырлары менен кыргыз поэзия айдыңында кийинки учурда көрүнүп келаткан акын. Өткөн жылы Жыпар Исабаеванын ырлардан жана аңгемелерден турган «Сүйүү көргүм келет сенин көзүңөн» деген алгачкы китеби жарык көрдү.

Жыпар Исабаева лирикалык маанайдагы ырлардан баштап, эл, жерди сүйүүгө, адамзатты толгонткон улуу ойлорго чейин ой чабытын сермеген акын. Аны акын кыздын «Тоолук эл» аттуу ырынан бир үзүндү айгинелейт:

Конок келсе кубанып күтүнгөн эл,
Жолоочуга жолазык бүтүргөн эл.
Жылдыздарды бир карап туруп эле,
Айдын, Күндүн эсебин түшүнгөн эл.

Тоо суусуна чайылган денелери,
Шыдыр мүнөз, кымча бел жеңелери,
Көзгө элестейт балпайып отурушкан,
Ак элечек акылман энелери.

Аппак боз үй, кыргыздын турагы ошол,
Салтын сактап, сапарын улары ошол.
Урпактары унутуп баратканда,
Кыргыз пейлин эстетип турар ошол.


Акын Жыпар Исабаеванын китебине Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев баш сөз жазып, «Жыпардан жыпар жыттуу ырларды күтүүгө негиз да, ишеним да бар» деп, жылуу пикирин айткан. «Байкаганым, эки нукка - акын кыздын махабатка жана поэзияга болгон кумары куштун кош канатындай серпилип, темир жолдун кош сызыгындай чогуу жүрөт» - деп салыштырат эл акыны Эсенгул Ибраев. Анын сыңaрындай Жыпар Исабаеванын махабат саптары:

Сүйүү көргүм келет сенин көзүңөн

Таттуум менин, таңдайымда татымың,
Жакшым менин, жандүйнөмө жакыным.
Балага окшой калганымда умсунуп,
Көз кыйыгың жиберип кой акырын.

Жетет, жетет ошол эле канча бел,
Бир карашың мендик боло алса эгер,
Жалган дүйнө, чын дүйнө деле эмес,
Ыр дүйнөдө дагы ал мага арка-бел,
- деп жазат.

Жыпар Исабаева учурда жазылып жаткан чыгармалары тууралуу бизге айтып берди:

- «Махабат мазары» деген повесть жазып жатам. Ал биринин көзү өткөндө экинчиси жашай албай көз жумган Канат менен Зарина аттуу эки ашыктын махабаты, ошолордун өмүр-таржымалы тууралуу. Анан «Алыкулду сүйгөн кыз» деген чакан повестимди чыгарсамбы деп аракеттенип жатам.

Ал эми Жыпар Исабаева «Кудай менен сүйлөшүү» ырында:

Жаза тайсам, Жараткан кечир мени,
Жаңылышкан күндөрүм эсиңдеби?
Жазыгы көп жаралып калган үчүн,
Бирок өзүм, өзүмдү кечирбеди.

Ушак айтып, уурдасам, кечир мени ,
Ошол окшойт, көңүлдүн эзилгени,
Качан дагы калп айтсам керек эле,
Тыз-тыз этет уятым бетимдеги.
Жаратканда «адам бол» десең керек,
Айыбым көп, анымды сезем демек,
Ууздай таза наристе келгендирмин,
Кетээримде качандыр, кетем бөлөк,
- деп жазган экен.
XS
SM
MD
LG