Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

ИРАК: КҮРTTӨР ӨЗ ЖЕРИНЕ КАЙТЫП КЕЛҮҮДӨ...


Баян Жумакадыр кызы, Прага Саддам Хусейиндин режиминин учурунда туулуп-өскөн жеринен түндүккө сүрүп чыгарылган күрттөр аз-аздап үйлөрүнө кайта башташты. Буга байланыштуу айрым эксперттер бул чөлкөмдөрдө эми этностор аралык араздашуулар тутануусу мыктымал деп жатышат.

Саддам режиминин куугунтуктоосунан качкан 800 миңдей күрт туулуп-өскөн жерлерин таштап, Ирактын түндүгүнөн баш бааналашкан эле. Ал эми күрттөрдүн Киркук, Мосул шаарларына жана айланасындагы чөлкөмдөргө 100 миңдей араб отурукташып, жер которгонго мажбур болушкан күрттөрдүн үй- жайын ээлеп калышкан.

Былтыр апрель айында АКШ баштаган антитеррордук коалициялык күчтөр Саддамдын режимин кулатканда, Киркук менен Мосулга америкалык аскерлер менен шериктеш күрт бөлүктөрү басып кирип, бул шаарларды толук көзөмөлгө алышкан. Ошондон көп өтпөй бул жерлерге күрттөр кайтып келе башташты. Айрым маалыматтар боюнча, өткөн айлардын ичинде 30 миңге жакын күрт туулуп-өскөн жерлерине кайра көчүп келди.

Региондо болуп кайткан норвегиялык изилдөөчү Арилд Биркенес азыр бул чөлкөмдө орун алган жер которуу - кезинде Саддам Хусейиндин жүргүзгөн саясатынын түздөн-түз натыйжасы экенин айтат:

- Элдин азыркы жер которуусу - мурдагы депортациялоо менен кысмактоо саясатынын түздөн-түз натыйжасы. Азыр болуп жаткан көрүнүш кезинде Саддам Хусейиндин режими жасаган кыянатчыл саясаттын тескери каратылган гана түрү.

Кезинде бул жерге көчүп келип, белен үй, белен оокатка ээ болуп калышкан арабдар эми жергиликтүү күрт бийликтерин «тынч жаткан элге бүлүк салуу үчүн күрт качкындарын атайылап көчүрүп келүүдө» деп айыптап жатышканын А.Биркенес айтат:

- Киркуктун жана анын атырабындагы чөлкөмдөрдүн араб тургундары күрттөр үстөмдүк кылган жергиликтүү жаңы өкмөттөр өз таасирин Саддам Хусейиндин 70-, 80- жана 90-жылдарда колдонгон ыкмалары менен жогорулаткысы келип жатканын айтышат.

Мындай айыптоолорду өзүнө жуутпаган жергиликтүү өкмөт качкын күрттөрдү жер которгонго козутпаганын, тек гана эли- жерин эңсеп келген бечараларга гумжардам берип, каралашып жатканын, тагдырдын буйругу менен бул жерлерге келип отурукташып калган арабдарды кысмактоого ниети жоктугун айтат. Ошол эле маалда, күрт акимчилиги Киркук шаары болочоктогу федералдуу Ирактын автономдуу күрт провинциясынын байтактысы болушу керектигин кайталап келет. Жергиликтүү бийликтин мындай саясатына ачуусу келген арабдар менен түркмөндөр өткөн декабрь айында Киркукта чоң демонстрация өткөрүшкөн. Нааразылашкан топтордун өз ара кагылыштарында беш киши курман болгон. Региондо иштеп жаткан гуманитардык агенттиктер мындай араздашуу арты жүрүп отуруп, этностор аралык чоң чатакка алып келиши ыктымал экенин айтышат.

Ахвалдын курчушунан чочулаган америкалык акимчилик күрт качкындарынын агымын токтотуу үчүн алардын көчүн шаарга киргизбей, жолун торогонго чейин барган. Американын Ирактагы утурумдук администрациясы күрт жетекчилигинен жер которуп келип аткан күрттөргө гумджардам берүүнү токтотуп, качкындардын жер которуу проблемасын атайын комиссия аркылуу жөнгө салууну талап кылып жатат.

Ал эми өз үйү, өлөң төшөгү болуп калган жерлерден сүрүлүп ташталган араб үй бүлөлөрү азыр Багдаддын түндүк тарабында аскерлер таштап кеткен казармалар менен чатырларда баш бааналашууда. Алардын басымдуу бөлүгү суусуз жана электр кубатысыз күн көрүп, эч кандай медициналык жардам алышпайт. Окуялардын өүнүгүүсүнө байкоо жүргүзгөн серепчилер Саддам Хусейиндин улуттук саясатынын кесепетин жойуу оңой-олтоң боло койбосун айтып жатышат.
XS
SM
MD
LG