Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

ЖЕҢИЖОКТУН ӨМҮРҮНҮН БЕЛГИСИЗ БАРАКТАРЫНАН


"Талант тагдыры" аттуу түрмөгүбүздүн бул жолку санында ак таңдай төкмө акын, обончу, манасчы Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун өмүрү жана чыгармачылыгындагы көпчүлүккө белгисиз жагдайлар жөнүндө сөз болот.

Кыргыздардын арасында чыгармалары атадан калган керээздей, энеден калган мурастай болуп 144 жылдан бери ардактала айтылып да, ырдалып да келе жаткан шайырдын бири - Жеңижок Көкө уулу. Ал төкмө Коргоолдун сөзү менен айтканда "Эки жаактуу пендеден айтышаарга теңи жок" ак таңдай акын, обончу, комузчу, манас айтуучу болгон экен.

Бирок, эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин Жеңижоктун өмүрү менен чыгармачылыгы адабиятчылар, музыка таануучулар тарабынан ар тараптуу иликтенбей, айрым жагдайлары такталбай келет.

Замандаштарынын айтып кеткен эскерүүлөрүнө караганда, Жеңижок ар бир айтыш, санат, терме, насыят, өмүр, дүйнө, аккан суу, жалгыз талдын арманы ж.б. ырларын ар башка обондо өтө мукамдуу ырдачу экен.

Жеңижок кызыл тилин сабаган төкмөчүлүк, жаагын жана ырдаган ырчы-обончулук менен бирге дүйнөлүк эпостордун океаны аталган "Манасты" айлап айткан залкар манасчы да болгон. "Жаныш-Байышты", "Курманбекти", "Кожожашты" да жумалап ырдаган дастанчыдан экен.

Булардын ичинен окурман менен угармандарга Жеңижоктун айтуусундагы "Манастан" "Семетейдин Таласка жөнөшү" деген үзүндү келип жетти. Аны жаш манасчы Рыспай Исаков минтип айтат:

- Мен айтышаарга теңи жок Жеңижокту ак таңдай акын эле эмес, манасчы катары да билем. Тилекке каршы, коомчулукта Жеңижокту манасчы катары билишпейт. 1982-жылы "Кыргызстан" басмасынан Жеңижоктун алгачкы жыйнагы жарык көргөн эле. Ошол жыйнакка Жеңижоктун айтуусундагы "Манастан" "Семетейдин Таласка жөнөшү" деген үзүндү жарыяланган. Аны азыр эч ким деле билбейт. Ошондон бир-эки шиңгил айтып берейин.

Он эки жашар Семетей Манас өлгөндөн кийин апасы Каныкейдин айткандарына кулак какпай "Элим, жерим кайдасың?" - деп, Таласка аттанат. Ошондогу көрүнүштөн:

- Кең багалек балкылдап,
Кемер кур белде жаркылдап.
Көк жеке бутта чойкоюп,
Найзасы колдо койкоюп,
Токтогон жерде караса,
Түптүү кара чынардай,
Жүрүп кетти Семетей
Ак тулпар минип туралбай,
Кеткен жагы билинбейт,
Карааны көзгө илинбейт…
"Алда айланайын, жалгызым,
Же алдыңда жүргөн өбөк жок,
Же аркаңдан бараар жөлөк жок.
Ай караңгы түн болоор,
Эми алда кандай күн болоор?
Кетээриңди билгенде өлбөйт белем колуңа,
Мен да түшпөйт белем жолума?

Ошондо өз энеси Каныкей
Үйгө кирип келди дейт,
Чыйырга кабар берди дейт:
- Жатыны алтын энеке,
Жалгызың кетти элиңе!
Туугандан жалгыз энеке,
Туйгунуң кетти элиңе!
Анда Чыйыр кеп айтат:
- Башыңа жара чыкпаса,
Башта эле айтпай не болдуң?
Эсиңе жара чыкпаса,
Эртелеп айтпай не болдуң?
Өлүгүңдү көрөйүн,
Сенин балаң жаш бекен,
Он эки жаш аз бекен?
Кечээ өткөн көк жал кабланың
Сегизинде сергиген,
Бала куштай эргиген:
Тогуз жашка киргенде,
Токтолбой жоого аттанган,
Топтуу журтту башкарган,
Он жашына келгенде
Ордо бузуп, жоо чапкан.
Он бир жашка келгенде
Ойроттун жарымын караткан,
"Оён Манас" атыккан!
Он эки жашка келгенде
Эл башкарып кан болгон,
Атагы журтка даң болгон!
Балам, кейибегин сен буга,
Атасын тарткан шер болсо
Бизди алпарат кыргыз элине,
Кондурбай Талас жерине, - деп айтчу экен Жеңижок бабабыз.

Дөөталы Малике уулунун маалыматына таянсак, Жеңижок "Манас" жомогунун араларына кыпындай да кара сөз кошпой жалаң гана кумдай куюлушкан ыр менен айтчу экен.

Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети кыргыздын ойчул акыны Нурмолдонун чыгармаларынын көлөмдүү жыйнагын "Сүрөт-басма салону" аттуу басылмадан басып чыгарды. Акындын тун жыйнагына "Жеңижоктун алгачкы жолу Нурмолдого учурашып ырдаганы" аттуу алым сабак айтышы да кириптир.

Жеңижок Нурмолдо менен амандашып учурашып, ал жайын сурашкандан кийин билим алганы келгенин айтып келип өзүнүн ата-тегин кантип тааныштырганын Азамат Болгонбаев төмөнкүчө айтып жүрөт:

- Бисмиллахи. Түбүм түрк,
Уругум кыргыз - кылы кырк
Уруум Кутчу илгерки,
Аталыгым Каратал,
Бабам улук Чоңду ырчы,
Чоң атам Күсөй ажы экен,
Өз атам Жүсөй чоң ырчы,
Ошентип тегимди,
Аксакалдар айтуучу,
Такташып түбүмдү
Калыстарга коюучу.
Күн чыккандай жаркырай
Төрөгөн апам Салкынай,
Торолтуптур бапестеп,
Баккан апам Алтынай,
Кызыл этти чыңаган
Кыздардай колдоп жаркып ай.
Атамдай Садыр тагамчы
Аркалап бакыт калкымай.

Жеңижок өзүн ушинтип тааныштыргандан кийин Нурмолдо Жеңижоктун бабасы Чоңдуну, чоң атасы Күсөйдү, атасы Жүсөйдү жакшы билээрин айтып келип, андан аркысын ыр менен улайт. Аны аткаруучу Аалы Туткучев минтип айтат:

- Эки жашка чыгарда,
Эселеп багып турарда,
А дүйнө кетти Салкынай.
Сыйпаткансып жыланга
Сени баккан Алтынай.

Сен болдуң Көкө тууганга,
Дарт дабасы табылар
Дүң кылып айтса дубанга.
Ажы Күсөй өлгөндө
Аябай көп эл келгенде,
Атаң Жүсөй мүрт кетип
Азапка тууган көнгөндө.
Атыңы койгон Чоңду аба
Абайлап сөздү жөн-жөнгө:

- Күсөй менин Жүсөйдү
Орунун өтөлөгөнгө
"Өтө" аталсын чеберем
не пайда өпкөлөнгөндө! -
деп койгон бабаң ысымыңы
Жар болуп көкөлөгөнгө
Жарар деп күтүп жүрөбүз
Максатын өтөлөгөнгө.


Ал эми Жеңижоктун чыгармачылыгын иликтеп жүргөн «Теңир ордо» корунун төрагасы Дастан Сарыгулов жогоруда эки жаш акындын аткаруусундагы ырларын уккандан кийин өз пикирин төмөнкүчө билдирди:

- Эки жаш акыныбыз Жеңижок менен Нурмолдонун алым сабактарынан келтирип ырдаган үзүндүлөргө таянсак, Жеңижоктун өмүр баянына таандык жаңы маалымат табылып отурат. Бул жалпы журтубуз үчүн кубанычтуу окуя болду. Мына эки жаш акыныбыз Жеңижоктун өзүнүн оозу менен айтылган ата-тегин угармандарга тартуулап беришти. Нурмолдо Жеңижокко жооп кайтарган ырында да "Сенин атаң Жүзөй эле, Жүзөйдүн атасы Күсөй эле, Күсөйдүн атасы Чоңду акын бабаң эле" - деп чечмелеп айтып, дагы бир жолу бышыктап отурат. Мына ушундай улуу сөздөрдүн түбүндө терең сыр жатат. Азыркы күнгө чейин такталбаган маалыматтын негизинде бүгүнкү күнгө чейин бул маселе бүдөмүк болуп келди эле. Ал эми биз 1999-жылы Жеңижоктун бир томдугун чыгарганда, кептин ачыгы, бул маселеге таамай кайрыла албай калган элек. Ошондогу бүдөмүк айтылган маалыматтар эми такталды. Нурмолдо Чоңду ырчынын шакирти болгон. Демек, ал Жеңижоктун ата-тегин так билип, таамай айтканы бүгүнкү күндө эч кимге шек туудурбайт, эч ким талаша албайт. Сөзүмдүн жыйынтыгында бул такталган маалымат деп кабыл алсак, Жеңижок кыргыз элинин кушчусунун Каратал уругунан Чоңдунун кыбырасы болгон. Чоң атасы Күйсөй, атасы Жүсөй, тууган энеси Салкынай, баккан энеси Алтынай, жездеси Сабыр, Көкө аттуу туугандары торолтуп, адам кылып, элге-журтка улуу адамды тарбиялап беришиптир.

Жеңижоктун жыйнактарында баш сөз жазган адабиятчылардын макалаларында акындын туулган жери да такталбай ар кандай берилип жүрөт. Алсак 1982-жылы чыккан "Жеңижок" аттуу жыйнакта акын Сарыкөбөн деген жерде (азыркы Манас району, Покровка кыштагында) туулган деп жазылса, 1999-жылы жарык көргөн бир томдукта Талас өрөөнүндөгү Сарыкөбөндө, ал эми 1995-жылы чыккан "Талас облусу" энциклопедиясында Карабуура району Жийде айылында туулган делип жарыяланган. Ал эми иликтөөчү Дастан Сарыгуловдун маалыматында Жеңижок Карабуура районунун Шалтак деген айылында туулуптур.

Ушинтип иликтөөлөр улантыла берсе, Жеңижоктун өмүрүнүн, чыгармачылыгынын актай барактары такталып, болочокто окурмандар дагы нечендеген жаңы жана так маалыматтарды алышат ко деген ойдобуз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG