Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: "ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИМДИ КОЕМ"


Экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев "Азаттык" радиосунун Бишкек бюросуна маек куруп берип, азыркы саясий жагдай тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

-Курманбек мырза, Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгуу боюнча өзүңүздүн программаңыз барбы?

-Бул абдан чоң суроо. Кеңири жооп бериш керек эле. Бирок кыскача айта турган болсом, элдин турмушун оңдоо деген сөз-бул экономиканы өнүктүрүү. Өндүрүштү өстүрмөйүнчө элдин турмушун эч качан оңдой албайбыз. Экономикалык кризистен чыгуу боюнча программа иштеп чыккам. Ал программа тууралуу «Жолду баскан арбытат» деген китебимде кыскача баяндагам. Азыр анын үстүндө иштеп жатам.

-Курманбек мырза, сизди «Жаңы Кыргызстан» партиясына кирет деген маалымат болуп жатат. Ушул маалыматтын чындыгы барбы?

-Бул маалымат чындыкка жакын. Өкмөт структурасынан кеткенден кийин, депутат болуп парламентке келгенимден кийин «Кыргызстандын региондору» деген фракцияга мени теңтөрага кылып шайлап коюшкан. Келечекте партиялар өнүп-өсүп, жер-жерге, түндүк-түштүккө бөлүнбөй, саясий бир күч болуп биригишсе, ага кирсе туура болот эле деп ойлойм. Ошондуктан менин көз карашым «Жаңы Кыргызстан» партиясына жакыныраак болуп турат. Жакын арада ошол жакка киришим мүмкүн.

-Азыркы өкмөттүк өзгөрүүлөрдү айрым саясатчылар "президент Акаевдин келечектеги шайлоого дардыгынан кабар берет" деп жатышат. Эгерде Аскар Акаев президенттик шайлоого катышып калса, сиз кандай чечим кабыл аласыз?

-Мен чечим кабыл алдым деп айтсам болот. Бул чечимди кабыл алышыма шайлоочуларымдын айткан сөздөрү негиз болду. Шайлоо мезгилинде мага шайлоочуларым: «Кийинки президенттик шайлоого талапкерлигиңизди койсоңуз биз сизди азыр колдойбуз. Койбосоңуз бизди убара кылбай эле койсоң» деген эле. Ошондо мен сөз бергемин. Жигит киши сөз бергенден кийин ошол сөзүнө туруш керек. Ошондуктан мен сөзүмө турам.

-Сиз өкмөт башчы болуп турганда «Үзөңгүкууш» маселеси бир топ чырга айланбады беле. Айрымдар "жерди Кытайга берип койдук" деп жатышат, бул маселени чечүүнүн башка жолдору бар беле?

-Үзөнгүкууш боюнча биздин мамлекет башчы Аскар Акаев менен Кытай элинин башчысы Цзянь Цзэминь 1999-жылы келишимге кол коюшкан. Ал мезгилде мен Чүй облусунун губернатору болчумун. Кийин өкмөткө келгенимде президент мага тапшырма берген. Эми аткаруу бийлигинде иштеген өкмөттүн башчысы болобу, министр болобу, губернатор болобу булар толук президенттин сунушун, буйругун колдогон жетекчилер болуш керек. Президент өкмөткө тапшырма берип, «Ушул биз кол койгон келишимди Жогорку Кеңештин кароосуна киргизесиңер»-деди. Биздин Конституциянын талабы боюнча чегара маселеси эки палатанын депутаттарынын үчтөн экисинин колдоосу менен гана чечилет. Үчтөн эки добуш менен эки жолу кайра каралып, ошондо гана күчүнө кирди деп эсептелген. Бул маселени парламент мыйзам чегинде колдоп берген демекчимин. Туура болдубу, туура эмес болдубу, айтор, ал жагын көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн күйүп-бышкан ошол ички, тышкы иштер министрлиги жана башка адистер изилдеп көрдү деген ойдомун. Эми ар кандай деп баа берип, айта берсе боло берет. Бирок парламент колдогондон кийин бул чечимге баш ийишибиз керек.

-Курманбек мырза, өкмөттүн Кумтөр кени боюнча жасаган кадамына кандай карайсыз?

-Эми «Кумтөр» боюнча буга чейин деле көп айтылып келди. Мурдагы келишим Кыргызстандын экономикасына жакшы пайда тийгизбеди деген пикирге баары макул болгон эле. Президент өзү баш болуп "кичине туура эмес болуп калыптыр" деген эле. Мына кайрадан өкмөттүн Кыргызстанга пайдасы тие турган мезгилде башка компанияга өткөрүп берели деген токтому чыгыптыр. Мен андай документтерди көрбөгөндөн кийин айтышым кыйын. Үстүртөн айтып кое турган болсом, өзүбүз башкарып өзүбүз иштеткенге колдон келишинче жол издеш керек эле…

-Минтип сурап жатканымдын себеби, ушул Үзөңгүкууш, Сох маселеси боюнча канайым сиз тууралуу пикирлерин китебинде жазды. Анткени, бийликке каяша айтам деп түрмөдө отурган же дагы башка бир жагымсыз кырдаалга кабылган мисалдарды көрүп-билип жүрөбүз?

-Мүмкүн! Болушу мүмкүн. Кандайдыр бир чечим кабыл алаарда ойлонуп кадам таштаган кишимин. Ошондуктан эмне болсо да аны убакыт көрсөтөт. Анча-мынчадан чочулап, корко берсек анда иш кылбай эле үйдө отуруш керек. Чоң ишке аттангандан кийин майда-чүйдө нерсе боло берет. Мен ага көңүл бурбайм.

-Сиз Кыргызстанда кандай бийлик системасы болуш керек деп ойлойсуз? Коррупциянын Кыргызстанда күч алганы баарыга белгилүү. Буга бир адамга баардык бийлик бутагынын көз карандылыгы, анын эбегейсиз ыйгарым укуктарды ээлеп алуусу себепкер экени айтылып жатат. Мына ушундайга жол бербеш үчүн бийликтин үч бутагын кантип теңдесе болот?

-Негизинен - айтылган пикирлер туура. Бийлик системасы президенттик, парламенттик негизде болсо туура болгудай. Себеби, мен өкмөттө иштеп көрдүм. Азыр парламенте иштеп жатам. Өкмөттүн өзүнүн мыйзамы бар. Өкмөттүн ыйгарым укуктарын азайтып койсок, анда аткаруу бийлигин тушап коебуз. Анда бир топ реформалардын жылышы жана көп маселелердин чечилишинде кедергесин тийгизбей койбойт. Ошондуктан парламенттин өкмөттү көзөмөлдөөсү күчтүү болуш керек. Айрыкча мамлекеттин акчасын пайдалануу боюнча, кадр саясаты боюнча. Негизинен кадрларды дайындоодо парламенттин көзөмөлү күчтүү болсо аткаруу бийлигинде жанагындай чыр-чатактар азыраак болмок деп ойлойм. Негизи жалпы эл шайлаган президенттин укугу да чоң болуш керек, бирок анын жоопкерчилиги да чоң болуш керек!

-Эгер сиз президент болуп калсаңыз кандай бийлик системасын түзөт элеңиз?

-Менимче биринчиден аткаруу бийлиги-өкмөт күчтүү болуш керек. Жергиликтүү бийлик, айыл өкмөтүнүн башчылары, район башчыларына жана район, облустарга да көбүрөөк ыйгарым укук берилиш керек. Айрыкча, айыл өкмөттөрүнүн укуктарын кеңейтиш керек. Биз айыл өкмөттөрүнө укук бердик деп жатабыз. Бирок алардын колунда акча жок. Ошол эле жер салыгын толук ала албайт, район алып коет. Демек, бийликти күчөтүш үчүн айыл өкмөтүн, район, облусттарга коркпой-үркпөй эле бийликти өткөрүп бериш керек. Көзөмөл жагын парламентке жүктөгөн оң .

-Маегиңизге ырахмат, ишиңизде ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG