Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03
БИШКЕК. Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандагы Орусиянын Кант авиабазасындагы аскерлердин саны 4 эсеге, тактап айтканда, 800гө чейин көбөйтүлөт. Мындай кабарды «Интерфакс» агенттиги кечээ Орусиянын аба күчтөрүнүн бешинчи армиясынын командачысы Евгений Юрьевдин маалыматына таянып таратты. Маалыматка караганда, Кант авиабазасындагы авиациялык жабдуулардын саны дагы эки эсеге көбөйтүлүп, учуу тилкеси ар кандай типтеги учактар коно ала тургандай кылып кеңейтилет. Андан тышкары аскерлер жашай турган жайлар да жаңыртылат. Кант авиабазасынын командири Андрей Самоцвет аскерлердин саны 800гө чейин жетээрин бүгүн ырастады, бирок, авиациялык техникалардын көбөйтүлүшү тууралуу маалымат бере албасын да билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG