Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Караколдо «Кыргыз тил» кыймылынын шаардык бөлүмү түзүлдү


КАРАКОЛ. Кыймылдын бөлүмүн түзүү жыйынына Караколдогу коомдук уюмдардын, саясий партиялардын облустук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана окумуштуулар катышышты. Анда кыймылдын Каракол шаардык бөлүмүнүн төрагалыгына «Жарандык биримдик» коомдук бирикмесинин башчысы Канимет Жакыпбектегин шайланды. Жыйында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга тактоо киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаттарынан талап кылуу маселеси талкууланды. Буга мыйзамга «кыргыз тили улут аралык тил» деп жазылбаса мамлекеттик тил өркүндөп, накта мамлекеттик тилге айланбайт деген пикир негиз берди. Андан тышкары мыйзам орус тилине каршы эмес экендиги баса белгиленип, тескерисинче кыргыз тилиндеги мектептерде орус тилин мыкты окутуу зарылдыгы белгиленди. Мындан аркы иш планга иш кагаздарын мамлекеттик тилге толук өткөрүү, ага Акеш Иманов, Жумаш Мамытов, Сапар Бегалиев сыяктуу тилчи окумуштууларды тартуу сунушу айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG