Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

Төрөкул Дооров, Москва «Орусияда кыргыз тилине жана маданиятына кызыккандардын катары кеңейип жатат» деп эсептейт Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов. Залкар жазуучу ушул жумада Москвада ишин баштаган кыргыз тили жана маданияты борборунда болуп, студенттер менен кеңири баарлашты.

19-февраль күнү Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинде Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды. Жазуучу ушул эле күнү Орусияда иштей баштаган кыргыз тили жана маданияты борборунда болуп, орусиялык студенттер менен кыргыз тилинде баарлаша алды.

- Менин атым Аня. Мен Лингвистикалык университетте 1-курста окуйм. Сиздин бир нече чыгармаларыңызды окугам. Алар мага аябай жагат. Эми кыргыз тилинде окуп, түшүнгөнгө аракет кылып жатам, - дейт кыргыз тилин үйрөнүүнү эки ай мурда баштаган москвалык Аня.

Ал эми Кыргызстандын тоолорун көрүүнү эңсеп жүргөн Галина да жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде окууганга кызыкдар экендигин айтат:

- Саламатсызбы! Менин атым Галя. Мен Москвада жашайм. Мен Кыргызстандын тоолорун көргүм келет.

Ч.Айтматов:

- Сен Кыргызстанга бардың беле?

Галина:

- Жок, эми барсам дейм. Сиздин «Белое облако Чингизхана» деген чыгармаңызды окугам.

Ч.Айтматов:

- Бул чыгарманын кыргызча аталышы «Чыңгызхандын ак булуту».

Галина:

- «Чыңгызхандын ак булуту» деген чыгармаңызды окугам. Мага аябай жакты. Буйруса, дагы бир жолу сиз менен жолукканда анын сюжетин кыргыз тилинде айтып берем.

Орусиялык студенттердин аракеттерине ийгилик каалап, жазуучу тил баркы тууралуу өз пикири менен бөлүштү.

- Евразия мейкиндигиндеги ар бир тил колдоого муктаж. Алардын өнүгүшү жана сакталышы үчүн аракет кылышыбыз зарыл. Буга эч ким тоскоолдук кылбашы керектигин жадыңыздардан чыгарбасаңыздар! - деп жазуучу Чыңгыз Айтматов массалык түрдө башка тилге ооп кетүү көптөгөн кичинекей мамлекеттер үчүн эне тилин жоготуп алуу коркунучуна алып келээрин эскертти.

Жазуучунун ишениминде ушул тапта коом турмушунда мааниси өсө баштаган маалымат таркатуу каражаттарынын ийгилиги сөздү асырай билгендиктин жышааны.

Ч.Айтматов:

- Силер азыр кыргыз тилин окууда алгачкы кадамды койдуңар. Кыргыз тили көптөгөн дүйнө элдеринин тилдериндей эле өзүнүн узак тарыхы, терең мааниси жана байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Мен акыркы мезгилде глобализациянын улам өнүгүп жаткан кырларынын таасири мененби, айтор, маалымат каражаттарынын ролун сөз тереңдиги жана тил байлыгы менен гана улуу деген тыянакка келип олтурам. Ата-бабаларыбыз буга өзгөчө маани беришкен. Ушундан улам: «Сөздөн тышкары кудай да жок, аалам да жок» деп айтылат.

Кыргыз тили жана маданияты борбору былтыркы жылдын күзүндө Москвада Кыргызстандын маданият күндөрү белгиленген мезгилде ачылган. Борбордо студенттерге кыргыз тилин окутуп жаткан Байтерекова Жеңишгүл айым төмөнкүлөргө токтолду.

- Кыргыз тили «чет тили» катарында Москвада окутула баштады. Эми баштаган ишибиздин маңызы терең болот деп ишенем. Азырынча студенттердин кызыгуусу чоң. Алар кыргыз тилинин ариптери да башка тилдердикине армян, грузин, жана башка тилдердин ариптерине салыштырмалуу оңой экен дешет. Жакынкы арада студенттерден сырткары москвалыктарга жана бул жердеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү үчүн кыргыз тили курстарын ачалы деген ниетибиз бар. Чоңдор үчүн өзүнчө, ал эми мектеп жашындагы балдар үчүн дагы башка дарстар өткөрүлө баштайт. Бул өңдүү сабактарды ачуу ниети москвалык кыргыздардын өтүнүчтөрү боюнча ишке ашырылып жатат.

Азырынча тил борборунда мен жалгыз өзүм иштеп жатам, бирок жакынкы арада курстардын саны өсүшү менен Бишкектен дагы кыргыз тили боюнча окутуучуларды чакырабыз.


Кыргыз тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү, Жеңишгүл Байтерекованын айтымында, тилди окутуу менен эле чектелбейт. Кыргызстандын жана Орусиянын маданият министрликтери тарабынан кабыл алынган келишим боюнча, Бишкек гуманитардык университети менен Москва лингвистикалык университети ортосунда студенттерди жана илимий изилдөөчүлөрдү бири-бири менен алмашып, окутуу жолу да каралыптыр.
XS
SM
MD
LG