Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Улуттар Уюму Ирак боюнча докладын эртең жарыялайт


Бул тууралуу БУУнун башкатчысы Кофи Аннан бүгүн Токиодо билдирди. К.Аннандын айтымында, докладда Иракта шайлоого чейин чечүүнү талап кылган бир нече маселе көргөзүлөт:

-Мен кеңешчим Лахдар Брахиминин жетекчилигинде Иракта болгон топтун отчету менен таанышып чыктым. Менимче алардын сунуштары Ирактагы мындан аркы прогресстин негизин түзөт. Бирок бул жерде жооп берүүнү талап кылган бир нече маселе бар.

Мунун алдында АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер бул жерде шайлоону уюштуруш үчүн дагы 15 айга чейин убакыт талап кылынаарын билдирген эле. Шайлоонун мөөнөтү азыр Ирактын олуттуу маселелеринин бирине айланды. Калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттердин лидерлери шайлоону АКШ бийликти ирактыктардын өзүнө бере турган 30 –июнга чейин өткөрүүгө чакырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG