Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Германиянын канцлери иш сапары менен Түркияда жүрөт


Анкарадагы жолугушуулардын негизги темасы - Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу мүдөөсүнө байланышкан маселелер. Кабарларга караганда, түрк бийликтери Герхард Шрөдөрдү Түркиянын Европа Биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө ынандырууга аракеттенишмекчи. Европа Биримдигинин жетекчилиги Түркия уюмдун саясий, экономикалык жана адам укуктары жаатындагы талаптарына жооп бергидей абалга жеткен-жетпегенин быйыл жыл соңунда баалап, аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун мөөнөтү тууралуу чечим кабыл алышы керек. Түркия 1963 –жылдан бери Европа Биримдигинин экономикалык өнөктөшү, ал эми 1999-жылдан бери уюмга кирүү үчүн талапкер өлкө катары эсептелет.

XS
SM
MD
LG