Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Ирандагы парламенттик шайлоодо консерваторлор жеңишке жеткендей


Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары көргөзгөндөй, алар парламенттеги 290 орундун басымдуу бөлүгүн алчудай. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 51%ы, ал эми башкалаа Тегеранда 33%ы катышты. Бул - 2000-жылдагы шайлоодогудан төмөнкү көрсөткүч. Анда добуш берүүгө калктын 67%ы катышкан. Ирандын реформачылары бул ирээт элди шайлоону бойкоттого чакырган эле. Себеби өлкөнүн консерваторлордон турган Көзөмөл кеңеши реформачылардын эки жарым миңдей талапкеринин шайлоого катышуусуна тыюу салган болчу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG